USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Ош шаарында эки заманбап асма жолу курулат

10:15, 16 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында эки заманбап асмн жолун куруу пландалууда. Бир багыты Ак-Буура суусун бойлой «Түштүк-Чыгыш» кичи районунан Навои атындагы сейил багына чейин, ал эми экинчиси — Керме-Тоо тоосунан өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Долбоорду талкуулоо үчүн Ошко австриялык Doppelmayr, франциялык Ammandy жана кытайлык курулуш компанияларынын адистери келишти.

Учурда тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, майда-чүйдөсүн тактап жатышат. Эгер даярдык иштери жана макулдашуулар план боюнча аяктаса, асман жолдорунун курулушун 2027-жылдын жазында баштоо пландалууда.

Мэриянын маалыматына караганда, долбоор Ош шаарынын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жана эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18