Кыргызстан Өзбекстанга картошканы эч кандай чектөөсүз жеткирет
Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба продукциясы соодасын кеңейтүүгө, биргелешип кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүгө жана экспортко тоскоол болгон жагдайларды жоюуга ниеттенүүдө. Атап айтканда, тараптар кыргыз картошкасын Өзбекстандын рыногуна жеткирүүгө эч кандай чектөөлөр болбой турганын тастыкташты.
Бул маселелер 11-ноябрда Ташкент шаарында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмоновдун жолугушуусунда талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап атамекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды Өзбекстандын тиешелүү реестрине киргизүүнү тездетүүнү сунуштады. Бул кыргызстандык өндүрүүчүлөргө коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Жолугушуунун катышуучулары кайра иштетүү тармагына инвестиция тартууга жана биргелешкен кыргыз-өзбек ишканаларын түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны, урукçулукту өнүктүрүү, мал чарбачылыгына заманбап технологияларды киргизүү жана асыл тукум иштерин жакшыртуу маселелери талкууланды.
Тараптар кыргыз картошкасын Өзбекстанга үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу жана аны өстүрүү тармагында тажрыйба алмашууну улантуу боюнча макулдашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар агрардык тармактагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык иштерди улантууга даяр экенин тастыкташты.