Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт
Кыргызстан менен Казакстан 2030-жылга чейин эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 млрд долларга жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, бул маселе министр Бакыт Сыдыковдун Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен болгон жолугушуусунда талкууланды.
Жолугушууда тараптар кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, өз ара сооданы көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Министр эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз ара сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2021–2025-жылдары эки тараптуу соода жүгүртүү 2,3 эсеге өстү, ал эми 2026-жылдын январь–август айларынын жыйынтыгы боюнча 1,4 млрд АКШ долларын түздү. Тараптар эки мамлекеттин башчылары койгон максатка — 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд АКШ долларына жеткирүүгө — жетүү үчүн биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун соңунда тараптар соода-экономикалык байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө, практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана кыргыз-казак кызматташтыгын чыңдоого багытталган өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин айтылды.