Алтындын баасы 2025-жылдын сентябрь айынан берки эң төмөнкү чекке түштү
Бүгүн дүйнөлүк рынокто алтындын баасы 2025-жылдын сентябрь айынан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Баалуу металл доллардын бекемделиши жана АКШнын Федералдык резерв системасы (ФРС) пайыздык ченди жогорулатат деген күтүүлөрдүн фонунда арзандап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.
Бүгүнкү сооданын жүрүшүндө алтындын наркы троя унциясы үчүн 3 миң 513,54 долларга чейин төмөндөдү.
Апта башынан бери алтын болжол менен 8 пайызга арзандады. Эгерде төмөндөө сакталса, бул жума алтын үчүн акыркы сегиз айдагы эң начар жума болуп калат.
Котировкаларга ФРС инфляцияны ооздуктоо үчүн пайыздык ченди кайрадан жогорулатат деген кооптонуулар басым жасоодо.
Бул облигациялардын кирешелүүлүгүн жогорулатып, өзүнөн-өзү пайыздык киреше алып келбеген алтынга салыштырмалуу инвесторлор үчүн аларды жагымдуураак кылышы мүмкүн. Доллардын бекемделиши да башка валюталарды колдонгон сатып алуучулар үчүн баалуу металлды кымбаттатат.
Туруксуздук мезгилинде инвесторлор адатта топтолгон каражаттарын сактап калуу үчүн алтын сатып алышат. Бирок азыр акциялар да, алтындын өзү да арзандап жатат.
Saxo банкынын чийки зат стратегиясы бөлүмүнүн башчысы Оле Хансендин баамында, инвесторлордун бир бөлүгү башка активдер боюнча чыгымдардын фонунда накталай акча алуу жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн алтынды сатышууда. Бул баанын төмөндөшүн кошумча күчөтүүдө.