Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү унааларды онлайн каттоону артык көрүшөт
Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү автотранспорт каражаттарын онлайн режимде каттоону артык көрүшөт. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Тилек Жеңишевдин маалыматына караганда, унааларды каттоонун жалпы санынын 87 пайызы онлайн жүргүзүлүүдө.
«Биринчи радионун» эфиринде ал ошондой эле ушул жылдын башынан бери айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча 676 миң суроо-талап түшкөнүн, анын ичинен 58и аралыктан берилгенин билдирди.
Президенттин Иш башкармалыгынын тапшырмасы боюнча жыл аягына чейин «Унаа» башка юридикалык кызматтарды да онлайн форматка өткөрөт.
Тилек Жеңишев кошумчалагандай, аймактык бөлүмдөрдө азыр дээрлик кезек күтүүлөр жок — жарандар унаага мамлекеттик номер алуу үчүн гана келишет.