USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жибути жээгинде мигранттардын кемеси чөктү: 139 киши каза болду

08:57, 12 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Жибути жээктерине жакын жерде 300дөн ашык кишини салып бараткан кемечөгүп, кеминде 139 киши, анын ичинде 15 бала каза болду. Дагы 84 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу БУУнун Эл аралык миграция уюмуна (IOM) таянып, чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, окуя бейшембиден жумага караган түнү Аден булуңундагы Баб-эль-Мандеб кысыгына жакын, Жибутинин чыгыш жээгиндеги Гухере аймагында болгон.

Кайык Жибутиден Йеменге бараткан. Кырсыктан 80ден ашуун киши аман калган. Ошондой эле алардын баары Эфиопиянын жарандары экени белгилүү болду. Жибутинин издөө-куткаруу кызматтары дайынсыз жоголгондорду издөөнү улантууда.

окт2.png

Эл аралык миграция уюмунун Жибутидеги миссиясынын жетекчиси Александр Куиссактын айтымында, расмий маалыматтарда Жибути өкмөтү тарабынан сөөгү коюлган курмандыктар гана эсепке алынган. Мигранттар өздөрү койгон башка курмандыктардын сөөктөрү расмий бийлик тарабынан тастыкталгандан кийин жалпы эсепке киргизилиши мүмкүн.

Баб-эль-Мандеб кысыгы — Африка мүйүзүнөн Перс булуңундагы өлкөлөргө жумуш жана коопсуздук издеп бараткан мигранттар колдонгон белгилүү, бирок коркунучтуу каттам. Кысыктын эң кууш жери болжол менен 20 километрди түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18