USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жасалма интеллект артыкчылыкта: Microsoft 60 миң кызматкерин жумуштан кетиреби?

09:25, 27 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Microsoft жасалма интеллектти киргизүүгө кеткен чоң чыгымдардан улам 60 миң кызматкерине өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү сунуштап жатат.

Business Insider порталынын маалыматы боюнча, компания өз кызматкерлеринин төрттөн бир бөлүгүнөн ашыгына акчалай жөлөкпул жана жаңы жумуш табууга жардам берүү ордуна өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү сунуштаган корпоративдик кат жөнөткөн.

«Өз каалоосу менен жумуштан кетүү сунушу — бул биздин өзгөрүүлөргө болгон мамилебизди кантип өнүктүрүп жатканыбыздын маанилүү бөлүгүн чагылдырат. Көбүрөөк ийкемдүүлүктү жана мүмкүнчүлүккө жараша кызматкерлер үчүн жашоосундагы кийинки баракты калыптандыруунун болушунча көп жолдорун түзүү», — деп жазган Microsoft компаниясынын персонал боюнча директору Эми Коулман.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, бул сунуш Жасалма интеллектти иштеп чыгуу, Xbox, Windows, ошондой эле финансы жана кадр маселелерине байланыштуу бөлүмдөргө тиешелүү. Сатуу бөлүмдөрү жана айрым инженердик бөлүмдөр кат алышкан эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18