Бүгүн, 13-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар манасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин бюсту ачылды.Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бюсттун ачылыш аземине мамлекеттик жана маданият ишмерлери, ошондой эле манасчынын кызы катышты.Айкелди скульптор Тамила Маматова жасаган.
Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1962-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында манасчы болуп эмгектенип, 44 жылдык чыгармачылык өмүрүн кыргыз элинин руханий мурасын жайылтууга арнаган. Ал «Манас» эпосун жана элдик дастандарды аткаруу менен бирге, бир катар ыр жыйнактарын да жараткан. Анын эмгеги Кыргыз Республикасынын эл артисти ардактуу наамы жана III даражадагы «Манас» ордени менен бааланган.
Бюсттун ачылышы залкар инсандын элесин урматтоонун жана улуттук руханий мурасты даңазалоонун белгиси болду. Анын бюсту Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы залкар инсандардын айкелдеринин катарын толуктап, манасчынын кыргыз маданиятына кошкон салымын жана чыгармачылык мурасын эскертип турмакчы.