Жыл сайын өлкөдө 10-ноябрь жаштардын күнү белгиленип келет.
Бул майрам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы No15 токтому менен Кыргыз Республикасынын демократиялык курсун ишке ашырууда өсүп келе жаткан муундун ролу жогорулап жаткандыгын эске алуу менен жана жаштар саясатын андан ары өркүндөтүү максатында, ошондой эле коомчулуктун демилгеси менен негизделген.
Майрам ушул күнү белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата уюштурулган.
«Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жаш жарандар 14 жаштан 28 жашка чейинки жаш жарандар деп эсептелет. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жаш жарандардын 40% дан ашыгы жашайт.
Адатта бул күнү жаштардын республикалык жана регионалдык конференциялары, конгресстери, фестивалдары, сынактары, спорттук мелдештер, жаш таланттардын концерттери өткөрүлөт.