Кыргызстанда 2027-жылга карата сериалдардын сценарийлерине сынак жарыяланды
«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси 2027-жылдагы өндүрүштүн тематикалык планына кирүүчү көркөм сериалдардын эң мыкты сценарийлерине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сынактын негизги максаты — улуттун тарыхын жана тарыхый инсандарды таанытуу, руханий аң-сезимди өнүктүрүү, тарбиялык жана коомдук мааниге ээ, ошондой эле азыркы коомдун актуалдуу маселелерин жана жетишкендиктерин чагылдырган сапаттуу сериалдык долбоорлорду иштеп чыгуу.
Сынакка сунушталуучу сценарийлер төмөнкү багыттарды камтышы керек:
- Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү;
- Улуттук иденттүүлүк жана салт-санаа;
- «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик уңгужолу» мамлекеттик программасынын алкагындагы сериалдардын уландысы;
- Тарбия-таалим жана адеп-ахлак;
- Билим берүү жана агартуу;
- Жаратылышты коргоо жана туризмди өнүктүрүү;
- Көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы.
Сынакка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жана аудиовизуалдык чыгармаларды өндүрүүгө укуктуу юридикалык жактар — жеке киностудиялар жана продюсердик компаниялар катыша алышат. Ар бир катышуучу бир гана өтүнмө бере алат.
Сынакка катышуу үчүн долбоорду сунуштоо каты, сериалдын концепциясы, пилоттук сериянын толук сценарийи, 2–3 сүйлөмдөн турган логлайн жана синопсис тапшырылышы зарыл. Ошондой эле сценарийге болгон автордук укуктарды жана долбоорду сунуштоого ыйгарым укукту тастыктаган документтер берилүүгө тийиш.
Сценарийге коюлган техникалык талаптар:
Шрифт — Times New Roman, 14 өлчөм;
Интервал — 1;
Тил — мамлекеттик тил;
Буга чейин жарыяланбаган автордук чыгармалар кабыл алынат.
Сунушталган долбоорлор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бекитилген тартипке ылайык тиешелүү Көркөм кеңеш тарабынан каралат.
Документтер 2026-жылдын 25-декабры, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.