USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Музыкалык мектептердин директорлору эми ачык сынак аркылуу дайындалат

08:04, 17 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда балдардын музыкалык, көркөм сүрөт жана искусство мектептеринин директорлорун кызматка дайындоодо ачык сынак өткөрүү тартиби киргизилди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, жаңы система жетекчи кадрларды тандоодо ачык-айкындуулукту, калыстыкты жана бардык талапкерлер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле башкаруучулук жөндөмү жана кесиптик тажрыйбасы жогору адистерди тартуу максаты коюлган.

Бош кызмат орундары, талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар, керектүү документтер, сынакты өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү тууралуу толук маалымат министрликтин расмий сайтында жарыяланып турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18