USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Чолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылды

08:04, 12 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаштар борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Жаштар борбору Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен курулуп, пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар башкармалыгынын башчысы Бакай Кожомкул уулу катышты.

Жаңы борбордо жаштардын билим алуусуна, чыгармачылык менен алектенүүсүнө жана өз демилгелерин ишке ашыруусуна бардык шарттар түзүлгөн. Анда шахмат, англис тили жана маалыматтык технологиялар (IT) боюнча ийримдер уюштурулуп, жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга жана жаңы жөндөмдөрдү өздөштүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындан тышкары, борбор активдүү жаштардын демилгелерин колдоо, алардын долбоорлорун ишке ашыруу жана жаштардын башын бириктирүүчү аянтча катары кызмат кылат.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарында ачылган бул борбор жыл башынан бери өлкөдө пайдаланууга берилген сегизинчи жаштар борбору болуп саналат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18