Айтматов атындагы орус драма театрында пенсионерлерге спектакль бекер көрсөтүлөт
Чыңгыз Айтматов атындагы Орус мамлекеттик драма театрында пенсионерлер үчүн спектакль бекер көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда «Натаханын назик сезими» («Нежность Натахи») спектаклинин кайрымдуулук көрсөтүүсү болот. Пенсия курагындагы көрүүчүлөр театрга бекер бара алышат.
Николай Коляданын чыгармасынын негизинде коюлган спектаклдин режиссеру — Нурлан Абдыкадыров.
Мектепти бүтүргөндөн кийин 20 жыл өткөндөн кийин мурдагы классташтар кокусунан жолугуп калышат. Башкы каарман аял сүйүүгө жана чын жүрөктөн чыккан сезимдерге болгон ишенимин сактап калган. Ал эми анын мурдагы сүйүктүүсү жашоону материалдык көз караш менен баалайт. Көрүүчүлөр эки башкы каармандын адамдар аралык мамилелерге карата болгон көз караштарынын айырмасын көрө алышат.