Бүгүн Кыргызстанда биринчи улуттук кинофестиваль башталат
Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте I Кыргыз улуттук кинофестивалы башталат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары — Кыргыз кино ишмерлер союзунан билдирди.
Маалыматка ылайык, кинофестиваль Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Конкурска 2025–2026-жылдары тартылган толук метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар кабыл алынат. Тасмалар улуттук баалуулуктар темесине арналып, хронометражы 60 мүнөттөн кем эмес жана эки сааттан ашпоого тийиш.
Тасмаларды кабыл алуу 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт. 21-ноябрда тандоо комиссиясы конкурстун кыска тизмесине (шорт-листке) кирген 10 кинотасманын тизмесин жарыялайт.
Фестиваль жеңүүчүлөрү беш номинация боюнча аныкталат:
- «Эң мыкты тасма» (Гран-при),
- «Эң мыкты режиссер»,
- «Эң мыкты сценарий»,
- «Эң мыкты актер/актриса»
- «Эң мыкты көркөм чеберчилик» (оператор, сүрөтчү, композитор)
Жеңүүчүлөргө дипломдор, статуэткалар жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.