Өлкөбүздүн түштүгүндөгү эстеликтер ЮНЕСКОнун тизмесине кирүүгө талапкер болууда
Кыргызстандын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы алты тарыхый-маданий объект келечекте ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кириши мүмкүн. Алар «Жибек жолу: Фергана-Сырдарыя коридору» трансулуттук номинациясынын алкагында сунушталган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тарыхый-маданий мурастар бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Жолдошов билдирди.
Сөз Улуу Жибек жолунун тарыхый каттамдарын бойлой жайгашкан эстеликтер жөнүндө болууда.
Сунушталган объекттердин катарында:
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кулбесхан шаар чалдыбары;
- Ала-Бука районундагы Сафид-Булан (Шах-Фазиль) тарыхый-маданий комплекси;
- Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси;
- Ош облусундагы Шоро-Башат шаар чалдыбары;
- Кара-Суу районундагы Айрымач-Тоо (Сүрөттүү-Таш) аска бетиндеги сүрөттөрү;
- Баткен облусундагы Кара-Булак көрүстөн комплекси.
Эскерте кетсек, «Жибек жолу: Фергана-Сырдарыя коридору» трансулуттук номинациясынын үстүндө иштөө 2015-жылы башталган. Ал Казакстандан Фергана өрөөнүнүн өлкөлөрүнө чейинки Улуу Жибек жолу менен байланышкан тарыхый эстеликтерди биргелешип сунуштоону карайт. Номинацияны даярдоого Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан катышууда.