USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Үркүндүн элеси. «Ажар» тарыхый көркөм тасмасын тартуу башталды

10:34, 17 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз киносунун 85 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 17-ноябрда Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында «Ажар» толук метраждуу тарыхый көркөм тасмасы өндүрүшкө киргизилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Долбоор 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуялардын бири болгон Үркүндүн 110 жылдыгына арналат.

Фильмдин режиссеру — Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубат. Көркөм чыгарманын сценарийи жазуучу Касымалы Баялиновдун ушул эле аталыштагы «Ажар» повестинин негизинде иштелип чыккан. Сценарийдин авторлору — Актан Арым Кубат, Марат Алыкулов жана Арслан Капай уулу.

912471295_2309871209866047_925987979977616303_n.jpg

Тарыхый драманын сюжеттик өзөгүн 1916-жылдагы Үркүн трагедиясы түзөт. Окуялар он эки жаштагы Ажардын тагдыры аркылуу баяндалат. Көтөрүлүш учурунда атасынан айрылган кыз апасы менен бирге Кытайды көздөй качкан миңдеген адамдардын катарына кошулат. Кар баскан ашуулар, ачарчылык, ызгаар суук жана куугунтук алардын өмүрү үчүн оор сыноого айланат. Каргашалуу окуялардын жүрүшүндө Ажар апасынан да айрылып, томолой жетим калат.

Долбоордун сценарийи алгач «Кыргызфильм» киностудиясынын Көркөм кеңешинде, андан соң Кинематография департаментинин Көркөм-эксперттик кеңешинде каралып, жактырылган. Ошондой эле 2026-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин IV жыйынында колдоого алынган. Жыйындын чечимине ылайык, фильмди ишке ашыруу жана каржылоо маселелери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

«Ажар» көркөм фильми улуттук тарыхый эс тутумду жаңыртууга, Үркүн трагедиясынын адам тагдырына тийгизген таасирин терең ачып берүүгө жана өткөндүн сабактарын кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган. Долбоор аркылуу кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу барактарды улуттук жана дүйнөлүк көрүүчүлөргө кинематографиянын тили аркылуу таанытуу максатталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18