USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө сүттүн кышкы сатып алуу баалары белгиленди

16:01, 15 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда кышкы мезгилге чийки сүттү сатып алуу баасы литрине 43 сомдон 49 сомго чейин белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Кайра иштетүүчү ишканалар үчүн төмөнкү баалар бекитилди:

  • «Ак-Булак Плюс» — литрине 49 сом;
  • «Ысык-Көл Сүт» — 48 сом;
  • «Май-Булак Каракол» жана «Ала-Тоо Сүт» — 46 сомдон;
  • «Сүт Булак» — 43 сом.

Маалыматта «Ак-Жалга» заводу да эскерилген, бирок ал үчүн наркы көрсөтүлгөн эмес. Белгиленген баалар базалык майлуулугу 3,4 пайызды түзгөн сүт үчүн эсептелген. Эгерде иш жүзүндөгү майлуулук айырмаланса, баасы кайра эсептелип чыгат — жогорулатылат же төмөндөтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18