Кыргызстандыктар эми Франциядагы сезондук айыл чарба жумушуна барышы мүмкүн
Кыргызстандыктар Франциядагы сезондук айыл чарба жумушуна барышы мүмкүн. Эми Франция Кыргызстандын жарандарын алты-сегиз айга айыл чарба жумуштарына кабыл алууга даяр. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Чет өлкөдөгү жарандарды жумушка орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди.
Анын айтымында, Франция Кыргызстандын жарандарын алты айдан сегиз айга чейинки мөөнөткө сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Франциянын Миграция кызматынын өкүлдөрү биздин өлкөгө келип, бул маселени талкуулашты. Тараптар шарттарды жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууга киришти.