USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда беш жыл ичинде ирригацияга 19 миллиард сомдон ашык каражат жумшалды

13:47, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыздоо жана ирригациялык инфраструктураны жаңылоо Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.

2021–2026-жылдары республикалык бюджеттен бул максаттарга 19 миллиард 39,2 миллион сом бөлүнгөн.

Бул каражаттын эсебинен 112 суу чарба объектисинде курулуш иштери жүргүзүлүп, 31 объект пайдаланууга берилди.

Натыйжада 7 миң 102 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, 71 миң 896 гектар аянтты суу менен камсыздоо жакшыртылды.

2026-жылдын тогуз айында эле 67 объектте долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүп, 34 объектте курулуш иштери улантылды. Мындан тышкары, 612,6 чакырым чарбалар аралык каналдар оңдолуп, тазаланды.

Министрликтен белгилешкендей, бул чаралардын баары дыйкандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18