USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 2,3 миллион тоннадан ашык дан жыйналып, күздүк себүү уланууда

11:19, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо иштери толугу менен аяктап, 2 млн 386 миң тонна дан жыйналды.Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, дан эгиндери 617,7 миң гектар аянттан толук жыйналды.

Анын ичинен:

  • 742,5 миң тонна буудай;
  • 644,6 миң тонна арпа;
  • 896 миң тонна жүгөрү;
  • 81,9 миң тонна чанактуу өсүмдүктөр алынды.

Ошондой эле өлкө боюнча 1 млн 80,5 миң тонна картошка, 967,1 миң тонна жашылча жана 245,3 миң тонна бахча өсүмдүктөрү жыйналды.

«Ал эми кант кызылчасынын түшүмү 504 миң тоннаны түздү. Мындан тышкары, 19,2 миң тонна пахта, 17,3 миң тонна май өсүмдүктөрү жана 950 тонна тамеки жыйналды», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда күздүк себүү иштери уланууда. Пландагы 200 миң гектардын 75,45 миң гектарына же 37,7 пайызына эгин себилди. Анын 71,8 миң гектарын күздүк буудай, 2,9 миң гектарын күздүк арпа түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18