Өлкө фермерлери жеңилдетилген насыя шарттарында айыл чарба техникасын алышат
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын мамлекеттик банктарына айыл чарбасын механизациялаштырууга көмөктөшүү долбооруна 44,6 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ведомство жана Финансы министрлиги «АБанк» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсы менен агенттик макулдашууга кол коюшту. KGZ-1037 долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы 44,6 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүүдө.
Бул жеңилдетилген каржылоо эки мамлекеттик банктын айыл чарба ишканаларын жана фермердик чарбаларды колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Анын алкагында ишкерлер жана жеке жактар заманбап айыл чарба техникаларын жана жабдууларын ислам каржылоо принциптеринин негизинде сатып ала алышат.

Ислам өнүктүрүү банкы менен өлкөнүн ири мамлекеттик банктарынын кызматташтыгы экономиканын реалдуу секторун колдоого, ишкердикти өнүктүрүүгө жана өлкөнүн агрардык потенциалын чыңдоого багытталган.
Долбоор «АБанк» жана «Элдик Банк» банкатарынын ислам терезелери аркылуу ишке ашырылат.
Каржылоонун негизги шарттары:
- Жалпы көлөмү: 44,61 млн АКШ доллары;
- Каржылоону алуучулар: Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттери жана жеке жактары;
- Максаты: айыл чарба техникаларын жана жабдууларын сатып алуу;
- Каржылоо принциптери: ислам каржылоосунун «Мурабаха» жана «Ижара мунтахийя биттамлик» продуктулары;
- Жылдык кирешелүүлүк ченеми: 6%;
- Мөөнөтү: 7 жылга чейин;
Каржылоочу банктар: «АБанк» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсы.