USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Дыйкандар айыл чарба техникасын жылдык 6 пайыз менен лизингге сатып ала алышат

11:32, 23 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен айыл чарба техникасын жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жабдууларды лизингге берүү долбоорун ишке ашырууда.

Долбоор өлкөнүн агрардык секторун заманбап техника менен камсыз кылууга, дыйкан жана фермердик чарбалардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган.Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 45 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестициялык насыя тартылган.Каражаттар айыл чарба жана атайын техникаларды, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге берүүгө жумшалат.

Долбоордун алкагында фермерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү ар кандай түрдөгү айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарттарда сатып ала алышат.

Лизинг шарттары:

  • Мөөнөтү — 7 жылга чейин;
  • Жылдык үстөк чени — 6%;
  • Каржылоо булактары — «АБанк» жана «Элдик Банк» ААКтары.

Долбоорду ишке ашыруу айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, долбоор дыйкан жана фермердик чарбалардын кирешесин көбөйтүүгө, ошондой эле агрардык сектордун техникалык базасын жаңылоого шарт түзөт.Долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарга эсептелген, ал эми аны ишке ашыруунун жалпы мөөнөтү 2050-жылга чейин каралган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18