Агроөнөр жай комплексин насыялоо: 6 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди
2026-жылдын ноябрь айына каратаКыргыз Республикасында агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыялар берилүүдө.Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирди.
Долбоордун алкагында «АБанк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу 2 074 субъектке жалпы 5 млрд 999 млн 240 миң 714 сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берилди.
Берилген кредиттик каражаттар айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө жана агроөнөр жай комплексинин потенциалын жогорулатууга багытталган.
Аталган программа ата мекендик өндүрүүчүлөрдү каржылык жактан колдоого, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.