Кыргызстанга Ооганстандан келген 22,5 тонна бадыраң артка кайтарылды
Ооганстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 22,5 тонна бадыраң фитосанитардык талаптарга жооп бербегендиктен артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жүргүзгөн текшерүү Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» фитосанитардык көзөмөл пунктунда жүргүзүлдү. Анда жүктүн тиешелүү маркировкасы жок экени жана фитосанитардык талаптарга жооп бербегени аныкталды.
Так кайсы фитосанитардык талаптар бузулганын ведомство тактаган жок. 2025-жылы Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы товар жүгүртүү 33,3 миллион долларды түзгөн.