USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбаларынын саны көбөйүүдө

14:08, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири асыл тукум мал чарбасын колдоо болуп калды. Малдын асыл тукумун жана азыктуулугун жогорулатуу үчүн жылдык 3 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыялоо долбоору ишке киргизилген.

2025-жылы 180 фермер жалпы суммасы 584 миллион сомдон ашык насыя алышкан. 2026-жылы программанын шарттары кайра каралып, 30-октябрга карата 238 субъектке 1 миллиард 125,8 миллион сом бөлүнгөн. Каражаттарды өздөштүрүү 91,3 пайызды түздү.

Натыйжада асыл тукум мал чарбаларынын саны 2025-жылдагы 186дан 2026-жылы 232ге чейин өстү.

Ошондой эле 2026-жылдын тогуз айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мал чарба продукциясын өндүрүү өстү. Жумуртка өндүрүү 148,7 миллион даанага же 22,6 пайызга, эт — 12,6 миң тоннага (3,9 пайызга), сүт — 34,8 миң тоннага (2,4 пайызга), жүн — 64,4 тоннага (0,5 пайызга) көбөйдү.

Программанын жыйынтыктарын эске алуу менен 2027-жылы мал чарба тармагын жеңилдетилген насыялоону кеңейтүүгө 7 миллиард сом багыттоо пландалууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18