USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Изилдөө: 2035-жылга карата дүйнөдө мусулмандар христиандардан көп болот

15:29, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

2035-жылга карата дүйнөдө мусулмандардын саны христиандардан ашат. Мындай божомолду Вашингтондогу Pew Research Center (Pew) коммерциялык эмес аналитикалык борбору даярдаган.

Динамиканын негизги себептеринин бири — мусулмандарда башка ири диний топтордун өкүлдөрүнө салыштырмалуу, эреже катары, балдардын саны көбүрөөк экендиги белгиленет.

Pew маалыматы боюнча, 2020–2025-жылдары төрөт коэффициенти бир мусулман аялга 3,1 баланы, ал эми бир христиан аялга 2,5 баланы түзгөн. Калган диний топтордогу орточо төрөт коэффициенти 1,6 деңгээлинде кармалган.

Борбордун баалоосу боюнча, 2020-жылы дүйнөдө 2,27 миллиард христиан жана 2,02 миллиард мусулман болгон.

Божомолдорго ылайык, 2035-жылга карата мусулмандардын саны 2,57 миллиардды, христиандардыкы 2,52 миллиардды түзөт. Эгерде бул тенденция сакталса, 2070-жылга карата дүйнөдө 3,6 миллиарддан ашык мусулман жана 3 миллиардга жетпеген христиан болот.

Pew божомолунда ошондой эле 2070-жылга карата дүйнөдө индуисттердин саны 1,2 миллиарддан 1,4 миллиард адамга чейин, ал эми иудаизмди тутунгандардын саны 14 миллиондон 18 миллионго чейин көбөйөрү көрсөтүлгөн. Бирок дүйнө калкынын курамында эки топтун тең үлүшү кыскарат.

Ал эми буддизм, тескерисинче, абсолюттук да, салыштырмалуу да көрсөткүчтөр боюнча ишенүүчүлөрүн жоготору күтүлүүдө. Алардын саны 324 миллиондон 235 миллион адамга чейин азаят. Ошол эле учурда өздөрүн эч бир динге кошпогон адамдардын үлүшү 24 пайыздан 17 пайызга чейин кыскарат, деп айтылат изилдөөдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18