Украина маселеси. Евробиримдик Путин менен диалог жүргүзүү жолдорун издеп жатат
Евробиримдик Украинадагы кырдаалдын айланасындагы маселе боюнча Орусиянын президенти менен диалог жүргүзүү үчүн сүйлөшүүчүнү издеп жатат. Бул тууралуу Politico басылмасы жазып чыкты.
Европада АКШ Евробиримдиктин кызыкчылыктарын эске албастан Кремль менен макулдашып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар пайда болгону бул теманы талкуулоого себеп болгону белгиленет.Сүйлөшүүчү ролуна талапкерлердин арасында Финляндиянын президенти Александр Стубб жана Еврокеңештин башчысы Антониу Коштанын ысымдары аталууда. Европалык аткаминерлер Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Владимир Путин менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган өкүлдү дайындоо керек деп эсептешет.
Талкуу Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткоффтун Санкт-Петербургга болгон сапарынан кийин жанданды. Ал Путинге Орусия — АКШ — Украина форматындагы үч тараптуу жолугушууну өткөрүүнү сунуштаган. Европа өлкөлөрү Вашингтон Киев үчүн пайдасыз болгон шарттарга макул болушу мүмкүн деп кооптонушууда.
Эске салсак, мурдараак Санкт-Петербургда Стив Уиткофф менен Владимир Путин, анын ичинде Орусия, АКШ жана Украинанын катышуусунда Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону талкуулашкан. Анда Евробиримдик өкүлдөрүнүн катышуусу каралган эмес.