Украина маселеси. АКШ президентинин атайын чабарманы кайрадан Россияга кетти
АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф Норвегияда Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөргө ошондой эле Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере жана Финляндиянын лидери Александр Стубб катышты.
Жалпыга маалымдоо каражаттары бул ирет Стив Уиткофф жалгыз болгонун белгилешет. Анын өнөктөшү, Дональд Трамптын күйөө баласы Джаред Кушнер сасык тумоо менен ооруп калгандыктан, видеобайланыш аркылуу кошулган.
Бүгүн Трамптын атайын чабарманы Санкт-Петербургга келип, Россиянын жетекчилиги менен жолугушат. Ал Ослодогу жолугушууда сунушталган жаңы тынчтык сунуштарын талкуулоону көздөп жатат.
«Бизде тынчтыкка жетишүүнүн айрым так идеялары бар. Бул аракеттерде биз европалык өнөктөштөрүбүз менен бирдиктебиз, — деди Владимир Зеленский Ослодогу сүйлөшүүлөрдөн кийинки пресс-конференцияда. — Биз америкалыктар бул идеяларды россиялыктарга жеткиришин каалайбыз».