USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«Жусуп» тасмасы Түркиядагы кинофестивалда «Эң мыкты сценарий» сыйлыгын алды

10:03, 09 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

«Жусуп» тарыхый көркөм тасмасы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн VI «Коркут Ата» түрк дүйнөсүнүн кинофестивалында «Эң мыкты сценарий» сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу фестивалдын жыйынтыктоочу маалыматында белгиленди.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи Стамбул шаарында уюштурулуп, анда 56 тасма көрүүчүлөргө тартууланды. «Жусуп» тасмасы толук метраждуу көркөм тасмалар арасындагы сынакка катышты.

Тасма Кыргызстандын мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана өлкө мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымына арналган. Анда кыргыз элинин жерин, тилин, улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн жүргүзгөн күрөшү чагылдырылган.

Белгилей кетсек, VI «Коркут Ата» түрк дүйнөсүнүн кинофестивалы Түркияда өтүп, ага түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн кинематографисттер катышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18