USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Түркиянын металлургия заводунда жарылуу: Каза болгондордун саны өсүүдө

09:17, 10 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Түркиянын Измир шаарынын Алиага районундагы HABAŞ металлургия заводунда жарылуу болуп, арты өрткө айланды. Бул тууралуу Milliyet басылмасы билдирет.

Окуя кечээ Чакмаклы турак конушундагы Ататүрк көчөсүндөгү заводдо болгон. Жарылуу тууралуу маалымат түшкөндөн кийин окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам бригадалары келишкен.

HABAŞ заводы — 1987-жылдан бери иштеп келе жаткан болот саткан ишканасы. Бул жылына 4,5 миллион тоннага чейин суюк болот чыгарган толук кандуу комплексболуп саналат

Ички иштер министри Мустафа Чифтчи жарылуудан бир нече киши жабыркаганын билдирип, жарадарлардын так санын атаган жок.

ккккккккккккккккккккккккккккккккккккккккккккк.png

Кийинчерээк Измир администрациясы үч киши каза болуп, кем дегенде 14 киши жарадар болгонун кабарлады. Жабыркагандардын үчөөнүн абалы оор. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү он киши дайынсыз жоголгонун билдиришти.

NTV телеканалынын маалыматтарына караганда, урандылар астында адамдар калууда. Куткаруу кызматтары өрттү өчүрүүнү жана кырсыктын кесепеттерин жоюуну улантууда.

Өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган металлургия заводындагы жарылуудан каза болгондордун саны 16 адамга жеткенин билдирди.

«Тилекке каршы, жарылуудан 16 жумушчубуз каза болду», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18