USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Трампчылар vs демократтар -күндүн интригасы. АКШда Конгресске шайлоо өттү

09:09, 04 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

АКШда Конгресстин эки палатасына тең аралык шайлоодо добуш берүү аяктап жатат.

Шайлоо тилкелери, мисалы, Кентукки, Индиана, Флорида, Джорджия, Түштүк Каролина, Вермонт, Вирджиния жана Нью-Хэмпширде жабылууда. Ар кайсы штаттардагы убакыт айырмачылыгынан улам алар ар кандай убакта жабылат.

Эске салсак, Конгресстин азыркы курамында — Өкүлдөр палатасы менен Сенатта — өлкө президенти Дональд Трамп жетектеген Республикалдык партия көпчүлүктү түзөт.

трамп.png

Бирок шайлоого чейинки сурамжылоолор көрсөткөндөй, Демократиялык партиянын Конгресстин палаталарынын биринде же экөөндө тең көпчүлүктү утуп алууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгерде демократтар алдыга чыкса, Трампка президенттик мөөнөтүнүн калган экинчи жарымында иштөө кыйынга турат.

Бул шайлоонун жыйынтыгы жакынкы эки жылга саясий күчтөрдүн теңдештигин аныктайт. Жаңы түзүлгөн Конгресс 2027-жылдын 3-январында ишке киришет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18