Россия, АКШ жана Украина ортосундагы сүйлөшүүлөр 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт
Россия, АКШ жана Украинанын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөр 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф билдирди.
Анын айтымында, америкалык тарап бул жолугушууда ортомчу катары чыгат. Тараптар жаңжал аяктагандан кийинки коопсуздук чараларын, гуманитардык маселелерди жана тынчтык жолу менен жөнгө салууга карай кийинки кадамдарды талкуулоону пландаштырууда.
Мындан тышкары, ушул жумада америкалык сүйлөшүүчүлөр Брюсселде Франция, Германия, Улуу Британия, ЕБ жана НАТОнун өкүлдөрү менен жолугушат. Алар Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин, Европанын согуштан кийинки коопсуздук архитектурасын жана Украинаны калыбына келтирүүнү колдоо боюнча экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашат.
«Биз Киевде, Ослодо жана Санкт-Петербургда жетишилген жылыштарды андан ары өнүктүрүп, келечек муундар үчүн узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыз кыла турган ар тараптуу жана туруктуу тынчтык келишимине жетишүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз», — деп жазды Дональд Трамптын атайын өкүлү.
Буга чейин Стив Уиткофф Ослодо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуп, андан кийин Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Санкт-Петербургга учуп кеткен.