Пакистандын Пешавар шаарында жеке менчик мектептин чатыры урап түшүп, 29 адам — 27 бала жана 2 мугалим каза болду. Бул тууралуу ММКлар жазып чыкты.
Ондон ашык адам жаракат алды.
Кырсык бүгүн эртең менен Дир-Колони районунда сабак маалында болгон. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, жогорку кабаттын чатыры төмөнкү кабаттын тосмолоруна урап түшкөн. Куткаруучулар урандыларды тазалоону улантышууда.
Урандылардын астында дагы эле балдар калышы мүмкүн.

Милиция мектептин ээсин камакка алды. Шаардык полициянын башчысы Миан Саид билдиргендей, окуу жай конструкциясы бышык эмес үч кабаттуу имаратта жайгашкан. Анын алдын ала баалоосу боюнча, урап түшүү имаратка ашыкча күч келгендиктен болушу мүмкүн. Дактылуу себеби иликтөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат.