Пайдалуу кеңеш: Жумуштагы жана карьерадагы ийгиликтин 7 эрежеси
Ийгиликке жетишүүгө мүмкүндүк берген эң негизги принциптердин бири — өзүн-өзү тартипке салуу, өзүнүн жалкоолугун, уюштуруунун жоктугун жана ийгиликсиздиктерди жеңүү болуп саналат. Жумушка киришүүдөн мурда бир абдан маанилүү принципти түшүнүп алышыңыз керек. Ийгилик — бул эмгек!
Бирок азыраак күч жумшоо менен керектүү натыйжаларга жетишүүгө жардам бере турган айрым ыкмалар бар.
Максималдуу натыйжага кантип жетишүү керек?
Биз көп учурда тааныштарыбыздан жана кесиптештерибизден бир эле сөздү угабыз: «Сага кандай гана жол болду, а мен болсо жолу болбогон адаммын, ошон үчүн менде окшошпой жатат… акча жок… убакыт жетпейт…»
Бул чындап эле жолдуу болуубу? Жок, андай эмес! Биз канчалык көп иштесек, жолубуз ошончолук ачылат. Биринчи кезекте — бул өз үстүнөн иштөө, ошондой эле убакытты максималдуу натыйжалуулук менен пайдалануу. Сизге өзүн-өзү тартипке салуу жардам бере алат. Убакытты туура пайдаланыңыз. Бул — ийгиликтүү адамдын башкы эрежеси.
Маанилүү максаттарга жетүүгө жардам берген дагы бир нече эрежелер:
1. Жардамчы — бул зарыл нерсе !
Бардык жумушту өзүм аткара алам деп өзүңүздү канчалык ишендирбеңиз, эгер бардык иштердин баарын өзүңүзгө үйүп алсаңыз, эч качан натыйжага жетише албайсыз.
Эстеп калыңыз: эгер жумушчу убактысы сиздикинен арзаныраак турган адамдар бар болсо, милдеттерди башкаларга тапшырган эң жакшы. Өзгөчө, эгер сиз ишкер же бизнестин ээси болсоңуз. Эч качан күнүмдүк бир өңчөй жумушту өзүңүз кылбаңыз, аны сиздин катышууңузсуз эле бүтүрө турган адамга бериңиз, күнүмдүк тапшырмаларды башкалардын колу менен аткарыңыз.
2. Тапшырмалардын тизмесин жүргүзүңүз !
Башыңызда башаламандык болуп, мээңиз каптаган көйгөйлөр менен убарачылыктардан жарылып кете жаздаганда, кагаз менен калемден өткөн жакшы жардамчы таба албайсыз.
Учурдагы жана келечектеги иштерди жазыңыз, мээңизди ашыкча маалыматтан бошотуңуз. Ошондо бардык иштерди түзүмдөштүрүү бир топ жеңил болот, тиешелүүлүгүнө жараша, өзүн-өзү тартипке салуу процесси да алда канча натыйжалуу өтөт.
3. Мөөнөттөр милдеттүү түрдө болушу керек!
Максатка тезирээк жана натыйжалуураак жетүү үчүн өзүңүзгө сөзсүз түрдө убакыт боюнча чектөө коюшуңуз керек. Катаал мөөнөткө гана коюлган тапшырманы так аткарууга мүмкүндүк берет. Эгер мөөнөт аз калса, уктаганы жатпашыңыз керек. Тапшырма аткарылмайынча өзүңүзгө боштук бербеңиз.
4. Артыкчылыктарды канчалык туура кое-аласыз?
Жашоодо жана ишкеликте көп нерсе сиздин белгиленген максатка карай кайсы ырааттуулук менен баратканыңыздан көз каранды. Эгер маанилүү кадамдарды өз убагында жасабасаңыз, ойлогон нерсеңизди ишке ашырууга башка мүмкүнчүлүк албай калуу тобокелдигине кабыласыз, мүмкүнчүлүктөрдү, пайданы же андан да жаманы — акчаны жоготосуз.
Ошондуктан отуруп алып ойлонуңуз: азыркы этапта кайсы иштерди биринчи кезекте чечүү керек, ал эми кайсынысы күтө алат.
5. Маанилүү иштерден алаксыбаңыз !
Эгер белгиленген максатка карай бара жатсаңыз, майда-чүйдө нерселерге алаксыбаңыз. Өзүңүзгө телефондон куру сүйлөшүүгө, социалдык тармактарда калып калууга же телевизордун каршысында диванда отурууга убактыңыз жок экенин эскертиңиз. Алаксытуучу факторлордун жоктугу — өзүн-өзү тартипке салуунун негизги ачкычы.
6. Эл алдында убада бериңиз!
№ 3 эреже менен айкалышканда, натыйжа чагылгандай тез болот. Албетте, стресстик кырдаал жаралуу ыктымалдыгы бар, бирок дал ушул стресс сизге дагы да натыйжалуураак иштөөгө жардам берет. Эл алдында берилген убада — коюлган тапшырмаларды аткаруу жана мөөнөттөрдү сактоо үчүн эң күчтүү түрткү берет.
7. Үстөлдөгү тартип — башта пкы баскыч!
Жумуш ордуңузду мезгил-мезгили менен ашыкча нерселерден тазалап туруу менен өзүн-өзү тартипке салуу шкаласы боюнча 100 баллдык чекке жете аласыз. Экспертимент жүргүзүп көрүңүз, ошондо толук тартип өкүм сүргөндө жумуш канчалык жемиштүү болорун байкайсыз.
Ошентип, эгер сизде азырынча жете элек максатыңыз бар болсо, бирок маарага тезирээк жетүүнү абдан каалап жатсаңыз, азыр окугандарыңыздын баарын дагы бир жолу талдап чыгып, дароо эрежелерди аткарууга киришиңиз. Өзүн-өзү тартипке салуу — бул дал азыр баштоо керек болгон өз үстүнөн иштөөдөгү олуттуу эмгек!