Пайдалуу кеңеш: Ач карынга алма же башка жемиштерди жесе болобу?
Эгер алманы ач карын жесеңиз, ичиңиз ооруп, жел чыгып же ич өтүү башталат деген пикир бар. Кээ бирлери ал түгүл жемиштер ашказанда ачыта башташы мүмкүн деп да айтышат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек сапатын көзөмөлдөө башкармалыгыжана дүйнөнүн алдыңкы аныктоочу клиникаларынын адистери бул боюнча эч кандай чектөөлөрдү коюшпайт. Тамак сиңирүүнү изилдеген илимпоздордон да ачка карынга алма жегенге тыюу салган эч кандай көрсөтмөлөрдү тапкан жокпуз.
Алманын курамында фруктоза бар — бул жемиштерде, балда жана жашылчаларда табигый түрдө кездешүүчү кант. Аз өлчөмдө бул зат ден соолугу чың адамдын абалын начарлатпайт.
Алма башка тамактар сыяктуу эле сиңет. Аны жеген учурдан тартып организмден чыгып кеткенге чейин болжол менен 36 саат өтөт. Анын ичинен алма ашказанда эки сааттай гана болот. Ошондуктан бул убакыттын ичинде ачып же чирип кетүүгө үлгүрбөйт.
Ач карынга башка жемиштерди жесе болобу?
Алма сыяктуу эле, абройлуу медициналык уюмдар жана изилдөөчүлөр ач карынга башка каалаган жемиштерди жегенге тыюу салышпайт. Тескерисинче, илимпоздор мындай тамактануунун пайдалуу жактары болушу мүмкүн деп болжолдошот.
Ачка карынга жеген жемиштер тезирээк тоюу сезимин берет. Бул аппетитти көзөмөлдөөгө жана күндөгү калориянын санын азайтууга жардам берет, бул дени сак салмакты сактоо үчүн пайдалуу.
Эгерде тамакты жемиштерден баштасаңыз, гликемиялык реакцияны төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мунун аркасында кандагы канттын деңгээли акырындап көтөрүлүп, глюкозанын кескин секирүүсүнө жол бербейт жана энергиянын туруктуу деңгээлин кармап турат.
Эч нерсе оорубашы үчүн жемиштерди кантип жеш керек?
Жемиштерди ачка карынга да, тамак алдында да, тамактан кийин да жесе болот. Эң негизгиси — азыктарды туура даярдоо:
Жемиштерди жегендин, туурагандын же тамак жасагандын алдында жууп туруңуз. Кабыгын жешти пландаштырбасаңыз да, муну агын суунун астында жасоо керек. Кабыктагы микробдор сиз аларды туурап жатканда жемиштердин жана жашылчалардын ичине түшүп калышы мүмкүн. Бирок самын, агартуучу каражаттарды, дезинфекциялоочу эритмелерди жана атайын гелдерди колдонуунун кереги жок. Бул каражаттар жемиштердин тешикчелерине кирип калып, кылдат чайкагандан кийин да кетпей калышы мүмкүн. Мунун айынан жүрөк айлануу пайда болушу ыктымал.
Бардык бузулган же эзилген жерлерин кесип салыңыз — бул да кирден жана микробдордон качуу үчүн керек.
Жуугандан, тазалагандан же туурагандан кийин жемиштерди 5 °C төмөн температурада 2 сааттын ичинде муздатыңыз.
Жемиштерди чийки эттен, канаттуулардын этинен жана деңиз азыктарынан өзүнчө сактаңыз. Ушундай жол менен сиз потенциалдуу коркунучтуу микроорганизмдердин термикалык иштетүүдөн өтпөй турган тамак-ашка өтүп кетишинин алдын аласыз жана сальмонелла, ичеги таякчасы (кишечная палочка) жана листерия менен жуктуруп алуудан сактанасыз.
Ошондой эле кээде жемиштерди ашыкча жеп жиберүү да мүмкүн. Себеби алардын курамында табигый кант өтө көп, эгерде аларды дайыма өтө көп жесеңиз, тишиңиз ооруп, кандагы канттын деңгээли жогорулап, ашыкча салмак кошулушу мүмкүн. Бирок бул көйгөйлөр сейрек кездешет. Айрыкча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган күнүнө 400 грамм же 5 порция жемиш жана жашылча ченлемин кармансаңыз, мындай көйгөйлөрдөн алыс болосуз.