Пайдалуу кеңеш: Кызгылт-сары курма пайдалуубу же кооптуубу?
Күздө ачык сары жана кызгылт-сары мөмөлөрдү көбүрөөк жегенге кеңештер айтылат. Алардын көрүнүшү эле маанайды көтөрүп, мезгилдик көңүл чөгүүдөн коргойт деп эсептелет. Бирок курманы түсү үчүн гана эмес, башка касиеттери үчүн да баалоо керек. Бул тууралуу Тамактануу жана биотехнология федералдык изилдөө борборунун дарылоочу тамактануу клиникасынын дарыгер-диетологу Юлия Чехонина айтып берет.
— Курмада алмага караганда пайдалуу заттар көппү?
—Айрымдары буга макул болушат. Мисалы, 100 г алмада темир сунушталган суткалык норманын 12 пайызын түзсө, курмада — 14 пайызды түзөт. Курмада йод алмага караганда кеминде 20 эсе көп (суткалык норманын 40 пайызына чейин). Бул микроэлемент калкан бези үчүн маанилүү жана интеллект үчүн жооп берет. Ошондой эле курма кан пайда болуу үчүн зарыл болгон кобальттын курамы боюнча алмадан 3,5 эсе жогору турат. Чыгыш мөмөсүндө күчтүү антиоксидант — С витамини көбүрөөк. Андан тышкары, көрүү, тери, былжыр чел жана иммунитет үчүн жооп берген каротиноиддер абдан көп.
— Жегенге чейин курманы тоңдуруу керекпи?
—Сөзсүз эмес, бирок мөмө катуу жана оозду куруштурса, бул жардам берет. Курманын 80 пайызы суудан турат, ал тоңдурулганда муз кристаллдарын пайда кылат. Эригенде алар клетка ичиндеги ширени бөлүп чыгарат. Ал таниндер менен аралашып, алардын концентрациясын азайтат, натыйжада мөмө таттуураак болуп, оозду куруштурбай калат.
— Кант диабети бар адамдарга курма жегенге болобу?
— Ошол эле алмага салыштырмалуу курмада углеводдор көбүрөөк: 100 г азыкта 10 г эмес, 15,5 г бар. Ошондуктан курма абдан таттуу. Бардык таттуу азыктар сыяктуу эле, аны колдонууну көзөмөлдөө керек, айрыкча кант диабети менен ооруган адамдар үчүн маанилүү.
— Ичегинин өткөргүчтүгүн бузууга жөндөмдүү фитобезоардын пайда болушуна жол бербөө үчүн канча курма жесе болот?
— Күнүнө 3–4 бышкан курма жеген дени сак адам эч нерседен коркпосо болот. Ал эми быша элек, оозду катуу куруштурган курманы эч кимге, айрыкча ичеги моторикасы жайлаган улгайган адамдарга жебегени оң. Мындай мөмөлөрдөгү таниндин жана клетчатканын көптүгү тамак-аш булаларынан турган түйүндөрдүн — фитобезоарлардын пайда болуу коркунучун жаратат. Баса, алар танинге бай башка мөмө-жемиштерди — жапайы кара өрүктү, алчаны, анжирди, моюлду жегенден да пайда болушу мүмкүн.
— Курманы ачкарын жеш кооптуубу?
— Дени сак адамдар муну коркпой эле жасай алышат. Ал эми ашказан-ичеги трактынын оорулары күчөп турган учурда ар кандай чийки мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга тыюу салынат. Аларды термикалык иштетүүдөн өткөрүү же блендерде майдалоо сунушталат. Бирок майдаланган түрүндө да колдонууну чектөө жакшы, анткени органикалык кислоталар сезгенген былжыр челди дүүлүктүрүшү мүмкүн.