Пайдалуу кеңеш: Эмне үчүн бала түнү басат жана лунатизм деген эмне?
Лунатизм — бул адам уктап жатып басып кеткени же кандайдыр бир аракеттерди жасаган уйкунун бузулушуболуп эсептелет. Ал тургай кийинүү же тамак жеп алуу сыяктуу тиричилик иштерин да жасашы мүмкүн. Бирок сыртынан караганда анын көз карашы катып калгандай жана айланасындагы нерселерге адаттан тыш реакция жасагандай көрүнөт.
Лунатизм эпизоддору адатта уктагандан кийинки 1–2 сааттын ичинде болуп өтөт жана бир нече секунддан жарым саатка чейин созулат. Басуу аяктагандан кийин адам кайра төшөгүнө жатат же ойгонуп кетет. Бирок ошол учурда дал эмне болгонун адатта эч ким эстеп калбайт.
Лунатизмдин себептери эмнеде ?
- Лунатизмдин так себеби белгисиз. Бирок ал бир нече факторлор менен байланыштуу болушу мүмкүн:
- уйкунун жетишсиздиги;
- уйкуга таасир эткен абалдар, б. а. тынчсызданган буттар синдрому же апноэ — уктап жатканда дем алуунун бузулушу;
- өзүн жаман сезүү, сыркоолоо;
- дене табынын көтөрүлүшү;
- стресс.
Лунатизм зыян келтириши мүмкүнбү ?
Лунатизм өзү өзүнчө адамдын эмоционалдык абалына зыян келтире албайт.
Бирок бала уктап жатып тепкичтен түшө баштаса, терезелерди ачса же үйдөн чыгып кетсе, көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Маселен, ал жаракат алуу тобокелдигине кабылат. Сейрек учурларда лунатик айланасындагыларга да зыян келтирип коюшу ыктымал.
Эгерде уйкунун бузулушу узакка созулса, бул күндүзү катуу чарчоого жана мектептеги жетишүүсүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн.
Качан лунатизм боюнча дарыгерге кайрылуу керек ?
Эгерде бала лунатизмдин айынан олуттуу жаракат алышы мүмкүн болсо, чарчап жүрсө же түн ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн тынчын алса, аны дарыгерге көрсөтүү керек.
Адатта диагностика үчүн атайын изилдөөлөр жана анализдер талап кылынбайт. Дарыгер бейтаптан же анын ата-энесинен белгилери тууралуу сурап, жөн гана текшерүү жүргүзөт. Изилдөөлөр дарыгер уйкуга таасир этүүчү башка ооруларды жокко чыгарууну каалаган учурда гана керек болот.
Эгерде адамда мурда эмоционалдык көйгөйлөр болгон болсо, дарыгер психиатрга багытташы мүмкүн. Ал бейтаптын катуу тынчсыздануудан жапа чегип жатканын же тез-тез стресске кабыларын билүүгө аракет кылат.
Лунатизмди кантип дарылашат ?
Эгерде лунатизм учурлары олуттуу көйгөйлөргө алып келсе, дарылоо талап кылынышы мүмкүн.Анда дарыгер төмөнкүлөрдү сунушташы ыктымал:
- когнитивдик-жүрүм-турум терапиясы;
- гипноз;
- клоназепам — калтыроону (судороги) көзөмөлдөөчү препарат;
- антидепрессанттар.
Эгерде лунатизм кандайдыр бир оорудан улам пайда болсо, дарыгер аны менен кантип күрөшүү керектигин түшүндүрөт. Ал эми эпизоддор дары-дармектерди кабыл алуудан улам келип чыкса, дарыларды токтотуу же алмаштыруу жардам бериши керек. Бирок дарыгер менен кеңешпей туруп дарыларды ичүүнү токтотууга же алмаштырууга болбойт. Бул андан да чоң зыян келтириши мүмкүн.