Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери дем жетпей жана тердебей, орточо интенсивдүүлүк менен жумасына 150–300 мүнөт кыймылдоону же 75–150 мүнөт оор жүк келтирүүнү сунушташат.
Мүмкүн, узак жашоо үчүн дагы да активдүү болуу керек чыгар. Бир изилдөө көрсөткөндөй, жумасына 300–600 мүнөт жеңил кыймылдагандар же 150–300 мүнөт интенсивдүү машыккандар көбүрөөк узак жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Мында эксперименттин катышуучуларынын саны чоң болгон — окумуштуулар 116 миң чоң кишинин маалыматтарын текшеришкен. Демек, ушундай көлөмдөгү жүктөмдү камсыз кылган ар кандай спорт түрү теориялык жактан ден соолукка оң таасирин тийгизип, өмүрдү узарта алат.
Өмүрдү кайсы спорт түрлөрү узартат?
Белгилүү бир жүктөмдөрдүн пайдасын көрсөткөн бир нече чоң изилдөөлөр бар. Көнүгүүлөр өлүм коркунучуна кандай таасир тийгизерин аныктоо үчүн окумуштуулар адамдардын чоң тобун алып, андарга бир нече жыл байкоо жүргүзүшөт. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча спорт менен машыгуу өлүм коркунучуна (ар кандай себептерден улам же жүрөк-кан тамыр ооруларынан) байланыштуу экенин аныкташат. Биз чоң эксперименттерде изилденген бир нече активдүүлүк түрлөрүн санап өтөбүз.
Бул жерде ышкыбоздук машыгуулар, адамдар ырахат алуу же ден соолукту сактоо үчүн машыккан учурлар каралууда. Оор туруктуу жүктөмдөрү бар кесипкөй спортту өзүнчө карап чыгабыз.
Теннис жана бадминтон
Окумуштуулар теннис жана бадминтон ойноо ар кандай себептерден улам өлүм коркунучун 47пайыз, ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууну 59пайыз азайтарын аныкташкан. Ошол эле учурда адамдар деми кысылбай жана тердебей машыккан анча интенсивдүү эмес машыгуулар жакшыраак натыйжа берген. Муну эсептөө үчүн изилдөөнүн авторлору улуу британдыктардын 80 миңден ашык маалыматтарын текшеришкен.
Велосипед тебүү
Окумуштуулар велосипед тебүү, атүгүл анча көп эмес жана шашпай жүрүү да өмүрдү узарта аларына ишенишет. Муну менен катар улгайган адамдар педалды айландыруудан жаштарга караганда көбүрөөк пайда алышы мүмкүн.
Копенгаген изилдөөсү велосипедисттер эки дөңгөлөктүү транспорт айдабагандарга караганда үч жылга көбүрөөк жашай аларын көрсөткөн.
Башка илимий эмгектерде окумуштуулар велосипед тебүү ар кандай себептерден улам өлүм коркунучун 11–15пайызазайтарын аныкташкан. Мындай артыкчылыктарды саатына 16 км/сааттан жайыраак, абдан жай темпте жумасына болжол менен 3 саат тебүү аркылуу алууга болот.
Ал эми 50–65 жаштагы адамдардын маалыматтары камтылган бир дат изилдөөсү велосипед тебүү жана жумушка велосипед менен баруу бардык себептерден улам өлүм коркунучун 24 жана 22пайызазайтарын көрсөткөн.
Сууда сүзүү
Бул активдүүлүк ар кандай себептерден улам өлүм коркунучун 28пайыз, ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууну 41пайызазайтат. Интенсивдүү түрдө — деми кысылып, тердегенге чейин машыккан сүзүүчүлөр узак жашашкан. Муну 2017-жылдагы эксперимент көрсөткөн.
Копенгаген изилдөөсүндө окумуштуулар активдүүлүк жок учурга салыштырмалуу сүзүү жашоого үч жылга жакын убакыт кошо аларын эсептеп чыгышкан.
Чуркоо
Окумуштуулар чуркоо ар кандай себептерден улам өлүм коркунучун 30пайыз, ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам келип чыккан өлүмдү 45пайызазайтарын аныкташкан. Иштин авторлору эсептөөлөр үчүн 15 жыл бою 55 миңден ашык чоң кишинин маалыматтарын талдап чыгышкан.
Изилдөөдө күнүнө абдан жай темпте 10–15 минут чуркоо да активдүүлүк жок абалга салыштырмалуу жашоо убактысын узартары көрсөтүлгөн. Окумуштуулар мындай чуркоо орто эсеп менен өмүрдү үч жылга узарта аларын эсептеп чыгышкан. Копенгаген изилдөөсүнүн авторлору да ушундай эле тыянакка келишкен.
Аэробика жана фитнес
2017-жылдагы эксперимент аэробика ар кандай себептерден улам өлүм коркунучун 27пайыз, ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларынан 36пайыз азайтарын көрсөткөн. Ошол эле учурда авторлор топтук машыгуулар эң чоң артыкчылыктарды берерин белгилешкен.
Копенгаген изилдөөсүндө окумуштуулар активдүүлүк учурундагы социалдык байланыштардын пайдасын да белгилешкен: алар канчалык көп болсо, спорттун өмүргө тийгизген таасири ошончолук жакшы болот.
Аэробдук машыгуулардан тышкары орточо күч машыгуулары
Окумуштуулар булчуңдарды чыңдоого багытталган активдүүлүк ар кандай себептерден улам өлүм коркунучун 10–17пайызазайтарын эсептеп чыгышкан. Ошондой эле окумуштуулар күч жүктөмдөрү менен машыккан адамдар жүрөк-кан тамыр оорулары, онкология жана диабет менен азыраак жабыркаарын аныкташкан.
Жашоо узактыгы жана жүрөк ден соолугу үчүн жумасына 30–60 мүнөт күч келтирүүчү жүктөмдөр эң пайдалуу болуп чыкты.
Жумасына 130–140 мүнөт машыккандардын жүрөк оорулары жана өлүм коркунучу такыр машыкпаган адамдардыкынан кем эмес болгон. Ал эми темир менен көбүрөөк убакыт иштеген спортчуларда ооруп калуу жана каза болуу коркунучу таптакыр машыкпагандарга караганда дагы жогору болгон.
Кесипкөй спорт өмүрдү узарта алабы?
Кесипкөй атлеттер жөнүндө сөз болгондо, көптөгөн адамдар көздөрүн жумуп: «Спорт — бул ден соолук тууралуу эмес», — деп айтышат. Мүмкүн, алар туурадир. Жок дегенде жарым-жартылай, анткени оор чарчатуучу жүктөмдөр, стресс жана катуу диеталар ден соолук кошпойт.
Экинчи жагынан, көп нерсе спорттун түрүнөн көз каранды. Бир изилдөөдө окумуштуулар 95 миңден ашык атлеттин, негизинен эркектердин маалыматтарын текшеришкен. Авторлор кайсы спорт түрү жашоого орто эсеп менен канча жыл кошо аларын эсептеп чыгышкан:
- 8 жыл — мамыча менен секирүү, гимнастика;
- 6 жыл — фехтование, бутага атуу;
- 5 жыл — ракеткалык спорт түрлөрү, жеңил атлетика, спорттук басуу, крикет, триатлон;
- 4 жыл — дайвинг, калак тартуу, секирүү, ат спорту, лыжа спорту;
- 3 жыл — гольф, бейсбол, скейт, суу полосу;
- 2 жыл — велосипед тебүү, ыргытуу, сүзүү, регби;
- 1 жыл — каякинг, баскетбол, оор атлетика, америкалык футбол.
Ошол эле учурда стол тенниси, керлинг, футбол жана күрөш, бобслей, бокс жана хоккей жашаган жылдардын санына дээрлик таасир эткен эмес. Ал эми гандбол жана күжүрмөн өнөрлөр бөлүнгөн мөөнөттү эки жылга, альпинизм дээрлик төрт жылга, волейбол беш жылга, ал эми сумо такыр эле он жылга кыскарта алмак.
Кызыгы, изилдөөлөргө катышкан аялдарга спорт жардам бергенден көрө көбүрөөк зыян келтирген. Гольф жана ракеткалык спорт түрлөрү гана үч жана эки жыл кошуп, калгандары узак жашоого таасир эткен эмес же өмүрдү кыскарткан. Бирок изилдөөлөрдө аялдар өтө аз болгон, ошондуктан жыйынтыктарга ишенүүгө али эрте.