Пайдалуу кеңеш: Диетолог кимдерге нан жегенге болбой турганын айтты
Врач-диетолог, нутрициолог Софья Кованова aif.ru басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде нанды жегенди кимдер чектеши же таптакыр баш тартышы керектигин айтып, ден соолугунда көйгөйү бар адамдарга бул азыкты тандоо боюнча сунуштарын берди.
Адистин айтымында, семирүү, диабет жана ашказан-ичеги жолдорунун оорулары бар адамдарга нан жегенге сунушталбайт.
«Стандарттуу түрдө: кимде семирүү, диабет, ашказан-ичеги жолдорунун көйгөйлөрү болсо, жегенге болбойт. Мындай учурда жегенге мүмкүн болгон белгилүү бир нан тандалат. Ошондой эле диета кармагандар жана дене массасынын индекси жогору болгондор да нанды чектеши керек», — деп билдирди Кованова.
Диетолог белгилегендей, семирүү, диабет жана ашказан-ичеги оорулары бар адамдар курамында клетчаткасы көп болгон кебек кошулган нанды тандап, ак нанды, айрыкча кечки убакта жегенди чектеши зарыл.
«Клетчаткасы көбүрөөк — кебек кошулган нанды тандоо керек. Анткени данектери бар нандын сиңиши кыйыныраак болушу мүмкүн. Ашказан-ичеги жолдорунда көйгөйү барларга ак нан жегенге болбойт», — деди диетолог.