Пайдалуу кеңеш: Энергетикалык суусундуктардан кантип баш тартуу керек?
Энергетикалык суусундуктардан акырындык менен, бир нече күн же жума ичинде кофеиндин көлөмүн азайтуу аркылуу баш тартуу сунушталат. Бул тууралуу невролог Екатерина Демьяновская RT басылмасына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, узак убакыт бою үзгүлтүксүз ичкенде организм стимуляцияга көнүп калат. Көнгөн дозанын таасири азайып, кезектеги кофеиндин порциясы болбосо адам уйкусурап, алсырап жана кыжырдана башташы мүмкүн.
Кофеинден кескин баш тартканда же анын көлөмүн кыйла кыскартканда, токтотуу белгилери адатта 12–24 сааттан кийин пайда болуп, орточо эсеп менен бир жумада өтүп кетет, деп түшүндүрдү дарыгер.
Демьяновская кофеиндин бардык булактарын, анын ичинде кофени, чайды жана айрым дары-дармектерди эске алууну сунуштады. Көнүмүш адатка айланып калган суусундуктарды акырындык менен курамында кофеини жок түрлөрү менен алмаштырууга болот.
Эгерде энергетикалык суусундуктардан өз алдынча баш тартуу мүмкүн болбосо, невролог дарыгерге кайрылууну сунуштады. Адис кофеинди керектөөнү азайтууга жана токтотуу белгилерин жеңүүгө, ошондой эле эс алуу жана жүктөм режимин жөнгө салууга жардам берет.