USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Жумуртканы кимдер азыраак жеши керек?

12:10, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Дарыгер-диетолог, медицина илимдеринин кандидаты Дарья Русакова URA. RU басылмасына берген маегинде жумуртканы кимдер азыраак жеши керектигин, алар качан максималдуу пайда алып келерин жана тамак даярдоодо витаминдерди кантип сактап калуу керектигин айтып берди.

Эксперттин айтымында, жумуртка — тез сиңүүчү белоктун эң баалуу булактарынын бири болуп саналат. Ал организмди бат тогуздурат жана энергия берет. Анын курамында А, В жана К витаминдери, фолий кислотасы, биотин, фосфор, селен, кальций, магний жана темир бар. Ошондой эле мээнин иштеши жана май алмашуу үчүн холин, мээни кан менен камсыздоо үчүн лецитин, көрүү үчүн лютеин жана зеаксантин бар. Полиныкталбаган май кислоталары карылыкты жайлатат, терини жана чачты азыктандырат. Бул продукт салмакты көзөмөлдөөгө жардам берет, иммунитетти чыңдайт жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун азайтат.

Жумуртканы аллергиясы же организми көтөрө албаган адамдарга, ошондой эле белокту азайтуу талап кылынган бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарга чектөө сунушталат.

«Өзгөчө холестерини жогору жана кант диабети коркунучу бар адамдар этият болушу керек. Мындай учурда жумасына 2–3 жумурткадан ашык жебеш керек», — деп эскертти Русакова.

Ошондой эле чектөөлөр боордун, өт баштыкчасынын айрым ооруларына жана атеросклерозго да тиешелүү.

Эртең менен жеген жумуртка сергектик тартуулайт, мээнин ишин жандандырат жана узак убакытка ток кармайт. Эгер холестеринге байланыштуу жумуртканын сарысын жегенге болбосо, белок омлети же кайнатылган белок туура келет. Кечинде жумуртка уйкусу бузулган адамдарга триптофандын аркасында, ошондой эле салмагына көз салгандарга пайдалуу, анткени ал калориясы аз болгону менен жакшы тогуздурат.

«Ошол эле учурда майонез кошуп куурулган жумуртка андан ары пайда алып келбестигин унутпаңыздар», — деп белгиледи Русакова.

Жумуртка кайнатылган түрүндө максималдуу пайдалуу, ошондой эле пашот жана глазунья түрүндө даярдалганда витаминдерин жоготпойт. Русакованын айтымында, чийки жумурткалар пастеризацияланган болушу керек, анткени иштетилбеген продукт сальмонеллездин булагы болуп калышы мүмкүн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18