USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Жалкоолукту жеңүүнүн 6 жөнөкөй жолу

12:08, 02 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Көпчүлүк адамдар жалкоолук өз убагында иштерди бүтүрүүгө же маанилүү иштерди аягына чейин жеткирүүгө тоскоол болгон учурга туш келишет. Биз отуруп алып майда-чүйдө нерселер менен алектенебиз, социалдык тармактардагы ленталарды карап, жаңылыктарды окуйбуз жана башкалар.

Баарын акыркы мүнөттөргө калтырбай, өз убагында жетишүү үчүн биздин өтө жөнөкөй кеңештерибизди карманууну сунуштайбыз:

 1. Татаалдан жөнөкөйгө

Иштериңизди жана милдеттериңизди жөнөкөй жана татаал деп бөлүңүз. Эртең менен татаал маселелерге көңүл буруп, андан кийин акырындап жөнөкөйлөрүнө өтүңүз. Күндүн биринчи жарымында мээбиз жакшы иштейт, ошондуктан ишиңиз дагы жемиштүү болот. Анын үстүнө татаал иштерден кийин жөнөкөй иштер эч кандай кыйынчылыгы жок эле чечилет.

2. Пландаштыруу жана дагы бир жолу пландаштыруу

Эртең менен бүткүл күнгө иштердин планын түзүңүз, ал убакыттан адашпай, ишти ырааттуу аткарууга жардам берет. Иштер аткарылган сайын тизмеден сызып салыңыз. Жумуш күнүнүн аягында жасалган ишиңиздин көлөмү дароо көрүнүп турат жана ушундай мазмундуу жумуш күнү үчүн өзүңүздү мактап койсоңуз болот.

3. Чоң нерсени бөлүштүрүү оңой

Чоң милдеттерди кичирээк бөлүктөргө бөлөңүз, бул бүт аткаруу процессин көзөмөлдөөгө, каталарды азайтууга мүмкүндүк берет, ошондой эле иш токтоп калгандай сезилбейт.

4. Социалдык тармактарга жок

Социалдык тармактарга алаксыбаңыз, маанилүү иштерде бул — № 1 душман. Бул нерсеге күнүнө 20 мүнөттөн ашык убакыт коротпош керек, ошондо гана сиз эч нерсеге жетишпей жатам деп даттанбайсыз.

5. Иштейбиз, эс алабыз жана кайра иштейбиз

Иш тозокко айланбашы үчүн кичинекей тыныгууларды жасап туруу зарыл. Орруңуздан туруп, кеңсени кыдырып басып келгиле, кесиптештер менен аба ырайын талкуулап, кайра ишке киришиңиз. Чакан тыныгуулар мээңизге акыл эмгегинин күч келүүсүнөн кийин эс алып алууга мүмкүнчүлүк берет.

6. Терең уйку жана тойгон тамак

Эртең менен эле жумушка сергек жана жаңы эмгек укмуштуу окуяларына даяр болуп келүү үчүн, биринчи кезекте жакшы уктап эс алуу керек, экинчиден туура тамактануу кажет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18