Пайдалуу кеңеш: Кызылчанын кан басымды төмөндөтүүдөгү пайдасы айтылды
Кызылча ширеси зат алмашууну калыбына келтирүүгө, ашыкча суюктукту чыгарууга жана табитти төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу Пермь политехникалык университетинин профессору, медицина илимдеринин доктору Нина Вишневская билдиргендигин KP. RU. басылмасы жазып чыкты.
Картаюу биологиясы жана дени сак узак жашоо медицинасы институтунун адистеринин айтымында, кызылча организмде азот оксидине айлануучу табигый нитраттарга бай. Бул зат кан тамырлардын бошоңдошуна өбөлгө түзөт, кан айланууну жакшыртат жана артериалдык басымды жөнгө салууга жардам берет.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кызылча шарты жогорку кан басымды, өзгөчө гипертония менен ооруган адамдарда, бир калыпта төмөндөтө алат. Мындан тышкары, кызылчанын курамында кан пайда кылууга жана ичегинин иштөөсүнө пайдалуу калий, фолаттар жана клетчатка бар. Бирок бул шарты дарыгер тарабынан дайындалган гипертонияга каршы дарыларды алмаштыра албайт.
Вишневская ошондой эле кызылча квасы зат алмашууга жана табитке тийгизген таасиринен улам арыктоодо пайдалуу боло аларын белгиледи. Бирок мындай суусундукту кан басымы төмөн адамдар сактык менен ичиши керек. Ал эми гастрит, ошондой эле ашказан жарасы жана бөйрөк таш оорулары күчөгөн учурда аны ичүүдөн баш тартуу сунушталат.