USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Китеп окууну кантип адатка айландыруу керек?

12:30, 04 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Эгерде сиз көбүрөөк жана сапаттуу китепокугуңуз келсе, бирок аны жашооңуздагы туруктуу жолдошко айландыруу кандайдыр бир себептерден улам ишке ашпай жатса, сиз үчүн бир нече жөнөкөй жана натыйжалуу ыкмаларды чогулттук. Аларды колдонуп көрүңүз да, китеп оорусуна чалдыгыңыз.

1. Сизге жакпаган китепти аягына чейин окууга өзүңүздү мажбурлабаңыз !

Тааныштарыңыз бир ооздон бир китепти сунуштап жатышат, бирок 50-бетке келгенде эле зеригип, алаксып жатасызбы? Кыйналбаңыз, китепти тайманбай четке кагып, башка нерсени тандаңыз. Сиз эч кимге эч нерсе милдеттүү эмессиз. Китептер адамдар сыяктуу эле: кээде байланыш болот, кээде болбойт.

2. Достор жана бейтааныш адамдар менен ой бөлүшүңүз !

Биргелешип окуу шыктандырат жана ритмди сактоого жардам берет. Досторуңуз менен китеп клубун уюштуруңуз: адабият тандаңыз, окуңуз, ой бөлүшүңүз.

Тааныштарыңыздын арасында китеп сүйүүчүлөр жокпу? Көйгөй эмес. Социалдык тармактардан эч кандай кыйынчылыксыз пикирлештерди таба аласыз. Адабият марафондорго катышыңыз, жаңы чыгармалар менен таанышыңыз, бир эле сюжетке ар тараптан караганды үйрөнүңүз.

3. Тематикалык блогдорго жазылыңыз !

Интернетте китеп блогдору өтө көп. Алардын айрымдарын жазуучулар жана адабий сынчылар жетектесе, башкалары — кесипкөй эмес, китепти сүйгөн жөнөкөй окурмандар. Алар адабияттардын топтомдорун жасап, китеп жаңылыктарына рецензияларды жарыялап, сюжет жана каармандардын мүнөздөрү боюнча өз көз караштары менен бөлүшүп, марафондорду жана жандуу жолугушууларды өткөрүп турушат.

Рухуңузга жакын бир нече блогду жана өзүңүз ишенген адамдарды тандаңыз. Сиз жабык коомчулуктун мүчөсү экениңизди сезип, китеп окууга сөзсүз түрдө шыктанасыз.

4. Окууну жагымдуу адатка айлантыңыз !

Бир чыны жыпар жыттуу чай, ыңгайлуу кресло, жылуу плед, аркада жагымдуу музыка, жоош мышык — китеп окуудан алган ырахатыңызды эки эсе көбөйтүүгө эмне жардам берерин ойлонуп көрүңүз.Өзүңүздүн идеалдуу шартыңызды түзүңүз. Ал жерден чыккыңыз келбей калат!

5. Үзгүлтүксүз окууну киргизиңиз !

Окууну адатқа, күнүмдүк жөркөлгө айлантыңыз. Башында китепке күнүнө кеминде жарым саат бөлүңүз. Ал тургай, бул 30 мүнөттү бөлүктөргө бөлүп, ыңгайлуу учурда окуй берсеңиз болот.

Китепти жаныңыздан таштабаңыз. Ошентип транспортто, дарыгердин кезтегинде же түшкү тыныгуу учурунда окууга кайтып келе аласыз.

6. Алаксыбаңыз жана аралык бербеңиз!

Гаджеттер ар дайым биздин көз алдыбызда. Сизди окуудан эскертмелер гана эмес, дал ушул учурда социалдык тармактарды текшерүү каалоосу да алаксытышы мүмкүн. Телефонду четке кагыңыз, үнүн өчүрүңүз. Китепти сыйлаңыз. Аны менен «жолугушууларды» уюштуруңуз. Сизге эч нерсе тоскоол болбосун.

7. Баарын кучагына алууга умтулбаңыз !

Сизге ар аптада бир китептен окуп турсаңыз, жылдын аягына чейин 52ге жакын чыгарма окуй турганыңызды кабарлаган жөнөкөй статистика жолуккан чыгар. Сан кооз, бирок ал оңой эле мотивацияны түшүрүп жибериши мүмкүн. Түбөлүктүү чындык: сандан мурда сапат маанилүү. Бул жарыш эмес, сиз сынакка даярданып жаткан жоксуз. Бир жылдын ичинде бардыгы болуп беш эле китеп окушуңуз мүмкүн. Бирок муну ойлонуп жана ырахат алып жасасаңыз, анын пайдасына шектенбесеңиз болот.

8. Чыгарма боюнча тартылган тасмаларды көрүңүз !

«Текеберлик жана калыстык», «Улуу Гэтсби», «Шамал менен учуп кеткендер», «Согуш клуб», «Жашыл чакырым», «Шакектердин ээси» — көптөгөн культтук фильмдердин негизине адабий чыгармалар аркылуу тартылган.Татыктуу фильм-экранизациялардын тизмесин түзүп, көрө баштаңыз. Көптөгөн сүрөттөр түпнуска менен таанышуу каалоосун ойготору шексиз.

9. Аудиоформатты байкап көрүңүз !

Эгер жаныңыз китеп окууга таптакыр тартылбаса, аудиокитептерге мүмкүнчүлүк бериңиз. Аларды унаа айдап баратканда, спорт менен машыгууда же ит менен сейилдеп жүргөндө угууга абдан ыңгайлуу. Айтмакчы, тили татаал китептер (мисалы, байыркы авторлордун чыгармалары) так ушул укканда жакшыраак сиңери айтылат.

10. Психологиялык айла-амалдарды колдонуңуз !

Китепти колуңузга алууну каалоо ар дайым болгудай кылыңыз. Эгер кеп басма китеп жөнүндө жүрүп жатса, сырты кооз жана колго кармаганда жагымдуу экземплярын тандаңыз. Китепти көрүнүктүү жерге сактаңыз: бош убакыт болгондо эле кол ага тартылып турсун. Окуп жатканда окуяга кайра кайтып келүү каалоосу күчтүү болушу үчүн эң кызыктуу жерлеринде тыныгуу жасаңыз. Күнүмдүк кандайдыр тапшырмаларды аткарганыңыз үчүн өзүңүздү китеп менен сыйлаңыз: мээ окуу — жаза эмес, бонус экенине көнүп калат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18