Акылдуу каржылык жүрүм-турум адам тапкан акчасынын баарын чачпай, коопсуздук жаздыкчасын түзүп, ири сатып алууларга, балдардын билим алуусу сыяктуу маанилүү муктаждыктарга жана өз пенсиясына акча топтоону болжолдойт. Муну кантип туура жасоо керектиги жөнүндө инвестициялык кеңешчи Наталья Смирнова айтып берет.
Каалаган каржы кеңешчиси сизге келечек үчүн акча топтоо зарылчылыгын айтып берет. Бирок эмнеге? Керектүү нерселердин баарын насыяга эле алган оңой го.
Бул тизме:
- Кандай гана күтүлбөгөн чыгымдар болбосун
- Саякаттар
- Үйлөнүү тою
- Унаа
- Батир
- Ремонт
- Баланы окутуу
Түзүлүшү мүмкүн болгон пенсия дагы, эгерде батирди ипотекага сатып алып, аны ижарага берсеңиз (ижара ипотеканы жаап турушу үчүн, ал эми кредиттин мөөнөтү пенсияга чейин болсо).
Баары туура, бирок эки назик жагдай бар. Биринчиси — насыяны төлөө үчүн баары бир киреше менен чыгымдын ортосунда оң айырма болушу керек, анын үстүнө кредиттер канчалык көп болсо, ал айырма ошончолук чоң болушу зарыл. Экинчиси — акыркы кредиттик төлөмгө чейин үзгүлтүксүз жана азайбаган туруктуу кирешеңиз болоруна 100% ишенишиңиз керек.
Кантип акча топтоону баштоо керек?
Сизге жөнөкөй схеманы колдонууну сунуштайм. Кеминде үч айлык чыгымдын өлчөмүндө резервдик фонд түзүү керек, ошондо сиз кандай гана күтүлбөгөн кырдаал болбосун инвестициядан акча тартпай, резервдик фонддун капчыгынан ала турганыңызды билесиз. Ал эң консервативдүү жана эң ликвиддүү инструменттерде сакталышы керек, башкача айтканда, акчаны тез жана чыгымсыз чыгарып алууга мүмкүн болгон жерде: топтоо эсеби, толуктоо жана жарым-жартылай чечип алуу мүмкүнчүлүгү бар банктык аманат, калдыкка пайыздар чегерилүүчү карта, акча рыногунун фонддору, эгерде ал жерде калдыкка пайыздар чегерилсе, брокердик эсептеги накталай акча.
Эгер сизге мезгил-мезгили менен накталай акча керек болсо, болжол менен 10 пайызын накталай формада сактоого болот. Бирок 10 пайыз чегинен ашпаңыз, анткени калдыкка пайыздарсыз сизге анча-мынча маанилүү болгон сумманы сактоо анча натыйжалуу эмес: сиз аң-сезимдүү түрдө топтолгон акчаңызды инфляциядан улам жыл сайын азаюуга дуушар кыласыз.
Эгер сизде валютада чыгымдар көп болсо, же сиздин чыгымдар структураңызда импорттук дары-дармектер, косметика, техника жана башкалар олуттуу үлүштү ээлесе, алардын баасына импорттук комплекттөөчүлөрдүн же сырьелөөнүн наркы киргизилген болсо, акчанын девальвациясынан коргонуу үчүн топтолгон акчанын бир бөлүгүн валютада кармаганыңыз оң. Эгер сизде түздөн-түз же кыйыр түрдө курстан көз каранды болгон чыгымдардын үлүшү жогору болсо, каражаттын 50 пайызга чейини валютада болушу мүмкүн.
Кредиттик карта каражаттын кайтарылуучулугуна байланыштуу топтолгон акчанын толук кандуу ордун баса албайт, бирок сиз аны жеңилдетилген мезгилдин (грейс-период) чегинде колдоно аласыз, ошол эле учурда топтолгон акчада кеминде эки айлык чыгым болушу керек (жок дегенде үч айлык болгону жакшы).
Акчаны кантип туура топтоо керек?
Алгач инвестициянын горизонтторун (акча качан керек болот), кандай тобокелдик сизге ыңгайлуу экенин, ошондой эле кандай суммалар жана канчалык часто керек болушу мүмкүн экенин аныктоо керек.
Эмне үчүн жеке кагаздар эмес, фонддор? Эгер инвестор алгачкы кадамдарды жасап жаткан болсо, андан арры көзөмөлдөө талап кылынган бир кыйла диверсификацияланган портфелди түзүү үчүн 30-50 компанияны түп-тамырынан бери изилдей алары күмөн. Ал эми фонддор — бул даяр портфель, анын үстүнө 2022-жылдын апрелинен баштап, эгер баары пландалгандай кетсе, Орусиянын рыногуна минималдуу комиссиялар менен негизги дүйнөлүк индекстерге спонсордук эмес чет элдик ETF'тер кошулат.
Эгер сиз кеминде үч жыл чогултууга жана инвестициялоого даяр болсоңуз, салыктык жеңилдиктерге жана мөөнөтүнөн мурда жабуу үчүн кандайдыр бир ички «токтотуучу» нерсеге ээ болуу үчүн жеке инвестициялык эсеп ачуу эң жакшы.
Бирок келечек үчүн топтоону баштаарыңыз менен эле, акча абдан тез керек болгон бир топ маанилүү чыгымдар пайда боло калат. Ошентип топтолгон каражат жылдар бою жаркын келечекке жылдырылып келет. Акча топтоп, аны коротпоо үчүн, керектүү өлчөмдөгү топтолгон акчаңыз чогулгуча, топтоо эсебин автоматтык түрдө толуктоону кошуп коюу жетиштүү. Ай сайынгы кирешенин 5 пайыз ашпаганын орнотуңуз, эгер ыңгайлуу болсо — 10 пайыз коюуга болот.
Короткуң келсе эмне кылуу керек?
Биринчиси — топтоо максаттарыңызды таразалап көрүшүңүз керек (так ошондуктан максаттары жок инвестициялар адатта тупикке кептелишет): жүрөгүңүздүн түпкүрүндө жүз бешинчи өтүк же гаджеттин эң жаңы модели балдардын билим алуусунан, 50-60 жаштан кийинки камсыз кылынган жашооңуздан, ата-энеңизге жардам берүүдөн, чоңураак квартирадан жана башкалардан маанилүүбү?
Экинчиси — мөөнөтүнөн мурда алуу кандайдыр бир ыңгайсыздыктар же чыгымдар менен коштолгон инструменттерге инвестициялаңыз: эгер бул ИИС болсо — салыктык жеңилдиктерден ажырайсыз, эгерде бул аманат болсо — пайыздардын бир бөлүгүн жоготуп аласыз.
Чакан киреше менен акча топтоону кантип үйрөнүү керек?
Бул текстти окуп чыгып кимдир бирөө: ооба, бет келет да, сиздин айтканыңыз оңой эле, ал эми маянаңыз жашоого чак жетсе үнөмдөп көрүңүзчү деши мүмкүн. Жана бул жерде дагы менин бир эмес, бир канча идеяларым бар.
Биринчиси — сизге тиешелүү бардык жеңилдиктерди жана жөлөкпулдарды колдонуп жатканыңызды текшерүү зарыл. Бул маалымат «Госуслуги» порталында жеткиликтүү.
Экинчиси — бардык салыктык чегерүүлөр (стандарттык, социалдык, мүлктүк ж. б.) колдонулуп жатабы.
Үчүнчүсү — эгер сизде кредиттер болсо, аларды азыраак пайыз менен рефинансирлөөгө болобу (азыр бул анча актуалдуу эмес, бирок чен төмөндөгөндө кайрадан актуалдуу болот), көп кыска жана кымбат кредиттерди бир арзаныраак жана мөөнөтү узунураак кредит кылып бириктирсе болобу? Балким, карыздарды эч болбосо жарым-жартылай жабуу үчүн тез сатууга мүмкүн болгон активдер бардыр (айталы, колдонулбаган эски техника, же эски буюмдар).
Төртүнчүсү — кадимки картаны чыгымдардын структурасына туура келген кешбек жана бонустары бар картага алмаштырууга болот, кешбектин эсебинен кеминде 1,5-2%га азыраак коротууга болот.
Акча топтоо керек. Бул эң сабаттуу жашоо стратегиясы. Жана топтоону «кандайдыр бир кырдаалга» деп капчык топтоодон баштап, андан кийин узак мөөнөттүү максаттар жөнүндө ойлонуу керек. Айтмакчы, акыркыларын түшүнбөсө, топтоо темасы жалпысынан тыгынга кептелиши мүмкүн, андыктан жашооңузду эң маанилүү максаттардын кесилишинде ойлонуп көрүңүз — жана ай сайын инвестициялай баштаңыз.