USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Эс тутумду жакшыртуунун 14 табигый жолу

12:12, 09 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Рациондогу жана күн тартибиндеги кичинекей өзгөрүүлөр жакшыраак эстеп калууга, тезирээк ойлонууга жана деменция коркунучун азайтууга жардам берет.

Кантты азыраак жеңиз!

Кантты өтө көп колдонуу ден соолукка, анын ичинде когнитивдик жөндөмдөрдүн төмөндөшүнө алып келет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тең салмаксыз тамактануу эс тутумдун начарлашына жана мээнин көлөмүнүн кичирейүүсүнө, өзгөчө эстеп калууга жооптуу аймактарда себеп болушу мүмкүн.

Рациондогу канттын көлөмүн кыскартуу мындай көйгөйлөрдөн качууга жана жалпы ден соолукка оң таасирин тийгизет.

Рационго балык майын кошуңуз!

Балык майы омега-3 тойбогон май кислоталарына, анын ичинде эйкозапентаен жана докозагексаен кислоталарына бай. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун, чарчоону, тынчсызданууну азайтып, акыл жөндөмдөрүнүн төмөндөшүн жайлатат.

Балыкты жана балык майын колдонуу эс тутумду, айрыкча улгайган адамдарда жакшыртат. Бир изилдөөдө катышуучулар бир жыл бою балык майын колдонгнон кийин эс тутум көрсөткүчтөрү бир топ жакшырган. Эс тутумунун начарлоосунун жеңил белгилери бар чоңдор боюнча эксперимент да омега-3түн оң таасирин далилдеди.

Медитацияга убакыт табыңыз!

Медитация тынчтандырат, ооруну басат, басымды төмөндөтөт жана боз заттын санын көбөйтөт. Курак өткөн сайын мээдеги боз зат азаят. Бул эс тутумга жана окуу жөндөмүнө терс таасирин тийгизет.

Медитация кыска мөөнөттүү эс тутумду жакшыртат. Бул эффект бардык курактык топтордо байкалган. Тайвань колледжинде жүргүзүлгөн изилдөө медитациялык практика менен алектенген студенттердин мейкиндиктеги жумушчу эс тутуму топтогу курсташтарына караганда бир топ жакшы экенин көрсөттү.

Салмагыңызга көз салыңыз!

Семирүү — когнитивдик төмөндөөнүн тобокелдик фактору. Ашыкча салмак мээдеги эс тутумга байланыштуу гендердин өзгөрүшүнө алып келип, эс тутумга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Эксперименттин алкагында окумуштуулар 18ден 35 жашка чейинки адамдардын тобуна байкоо жүргүзүп, дене салмагынын индекси жогору болгондор эс тутум тесттеринен начар жыйынтык көрсөтөрүн аныкташкан. Семирүү ошондой эле Альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучун жогорулатат.

Уйкуңузду кандырыңыз!

Узак убакыт бою уйкунун жетишсиздиги начар эс тутум менен түздөн-түз байланыштуу. Дал түн эс алуу учурунда кыска мөөнөттүү эскерүүлөр узак мөөнөттүүлөргө айланат.

Окумуштуулар 10дон 14 жашка чейинки 40 балага уйкунун тийгизген таасирин изилдешип, бир топко кечинде эс тутум тесттерине даярданып, бирок эртең менен сурамжылоо жүргүзүшкөн. Башка топ бир эле күнү даярдалып, текшерилген. Уктап эс алууга үлгүргөн балдар 20 пайыз жакшы натыйжа көрсөткөн.

Башка эксперимент түн ичинде иштеген медайымдар күндүзгү сменадагы кесиптештерине караганда математикалык тапшырмаларда көбүрөөк ката кетирип, эс тутум тесттеринде начарраак натыйжа көрсөткөнүн аныктаган. Ошондуктан ар бир түнү 7-9 саат уктоо сунушталат.

Аң-сезимдүүлүктү машыктырыңыз!

Аң-сезимдүүлүк — бул кырдаалга көңүл буруп, ошол эле учурда өз сезимдериңизди жана айлана-чөйрөнү жакшы түшүнгөн психикалык абалыңыз. Ал медитациянын бир бөлүгү катары колдонулат, бирок формалдуу практика эмес, адат болгондуктан ага барабар эмес.

Изилдөөлөр аң-сезимдүүлүк стрессти азайтууга, концентрацияны жана эс тутумду жакшыртууга натыйжалуу экенин тастыктайт. Психология студенттери менен болгон эксперимент бул техниканы үйрөнгөндөр нерселерди таануу ылдамдыгын жакшыртканын көрсөттү.

Аң-сезимдүүлүк куракка байланыштуу когнитивдик төмөндөө коркунучун азайтууга жардам берет жана психологиялык абалга жалпысынан оң таасирин тийгизет.

Алкоголду азыраак ичиңиз!

Алкоголь ден соолуктун көптөгөн аспектилерине талкалоочу таасирин тийгизет. Эс тутум да четте калбайт. Окумуштуулар колледжинин 155 биринчи курс студентин изилдешти. Спирт ичимдиктерин кыянаттык менен пайдалангандар эч качан ичпеген студенттерге караганда эс тутум тесттеринен начар өтүшкөн. Алкоголдун мээге нейротоксикалык таасиринен улам ичимдикти кыянаттык менен пайдалануу мээнин эс тутум үчүн эң маанилүү бөлүгү болгон гиппокампка зыян келтириши мүмкүн.

Кандай болбосун, эгерде ченеми менен ичсеңиз, терс кесепеттерден оңой эле качууга болоруна окумуштуулар ишенишет.

 Мээни машыктырыңыз!

Ар түрдүү маселелерди чечүү эс тутумду жакшыртат. Сөзмө-сөз кроссворддор, сөз оюндары жана атүгүл мээни машыктыруучу мобилдик тиркемелер да жарай берет.

Когнитивдик бузулуулары орточо деңгээлдеги 42 чоң кишиден турган топ атайын мобилдик телефон оюндарын төрт жума ойногондон кийин эс тутум тесттеринин жыйынтыгын жакшырткан. Дагы бир изилдөө көрсөткөндөй, онлайн программалар менен жумуш күндөрү беш күн бою күнүнө 15 мүнөттөн мээсин машыктырган топтун кыска мөөнөттүү жана жумушчу эс тутуму, концентрациясы жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү көзөмөлдөөчү топка салыштырмалуу кыйла жакшырган.

Иштетилген углеводдорду азыраак жеңиз!

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, рациондо иштетилген углеводдордун жогорку болушу деменция жана когнитивдик функциялардын төмөндөшү менен байланыштуу болуп саналат.

Окумуштуулар 317 баланы текшерүүдөн өткөрүп, ак күрүч, кесме жана фастфуд сыяктуу иштетилген углеводдорду көбүрөөк жегендердин когнитивдик жөндөмдөрүнүн начарлаганын аныкташкан. Башка изилдөө күн сайын эртең менен таттуу данектерди жеген чоңдор тесттерден начар өтөөрүн көрсөттү.

D витамининин деңгээлин текшериңиз!

D витамининин деңгээлинин төмөндөшүнүн терс кесепеттеринин бири — когнитивдик функциялардын начарлашы. Бул заттын жетишсиздиги климаты суук өлкөлөрдүн тургундарына мүнөздүү.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, D витамини жетишпеген улгайган адамдардын эс тутуму бул заттын курамы нормалдуу болгон курдаштарына караганда тез начарлаган.

Дене тарбия менен машыгыңыз!

Кыймыл-аракет активдүүлүгү мээ үчүн пайдалуу жана бардык курактагы адамдардын эс тутумун жакшыртууга жардам берет. Муну 19дан 93 жашка чейинки 144 адамдын катышуусундагы эксперимент көрсөтүп турат. Стационардык велотренажердо 15 мүнөттүк орточо машыгуу машыккандардын когнитивдик жөндөмдөрүн жакшыртты.

Көнүгүүлөр нейропротектордук белоктордун секрециясын көбөйтүп, нейрондордун өсүшүнө жана өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн, бул жалпысынан мээге абдан пайдалуу таасир этет.

Сезгенүүгө каршы азыктарды тандаңыз!

Сезгенүүгө каршы азыктар — жемиштер, жашылчалар, чай иммундук системаны стимулдайт, эркин радикалдарды чыгарат. Айрыкча мөмө-жемиштер антиоксиданттарга бай: алардын курамында флавоноиддер жана антоциандар бар. Жашылча-жемиштерди көбүрөөк жегендер когнитивдик бузулууларга кабылуу коркунучуна аз кабылышат.

 Куркумин менен таанышыңыз!

Куркумин куркума тамырынын курамына кирет. Бул сезгенүүгө каршы таасир этүүчү күчтүү антиоксидант. Жаныбарлар боюнча жүргүзүлгөн көп сандаган изилдөөлөр куркумин баш мээдеги кычкылдануу жаракаттарын жана сезгенүүлөрдү минималдаштырып, ошондой эле нейрондордо топтолуп, клеткалардын жана ткандардын өлүмүнө алып келүүчү амилоиддик тактардын санын азайтарын көрсөттү, бул эс тутумдун жоголушуна алып келет.

Адамдар арасындагы изилдөөлөр азырынча анча көп эмес, бирок бул зат эс тутумду жакшыртуу үчүн келечектүү деп эсептелет.

Шоколад жеңиз!

Шоколаддын курамында мээ үчүн өзгөчө пайдалуу болгон антиоксиданттар — флавоноиддер бар. Алар нейрондордун өсүшүн стимулдайт жана мээнин кан менен камсыз болушун жакшыртат.

Изилдөөлөргө ылайык, флавоноиддери бар кара шоколадды жегендер бул антиоксиданттары жок ак шоколадды сүйүүчүлөргө караганда жакшыраак эс тутумга ээ экендиги менен мактана алышат.

Максималдуу пайда алуу үчүн какао курамы 70% дан жогору болгон шоколадды тандап алуу керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18