Чач эмне үчүн майланышат? Себеби — терибиздеги май безинде. Бир сутканын ичинде алар болжол менен 20 грамм тери майын бөлүп чыгарышат. Бул зат чачка кирип, аларды кургап кетүүдөн сактайт.
Эсиңизде сактоого тийиш болгон эки маанилүү нерсе:
Тери майы — бизди көрксүз көрсөткөн табияттын таң калыштуу каалоосу эмес. Ал чачтын ашыкча кургап жана сынып калышынын алдын алуу үчүн зарыл.
Май бездеринин иштеши адамдын жашына, ден соолугунун абалына, генетикасына жана башка факторлорго көз каранды болгон жеке мүнөздөмөсү болуп саналат.
Чачты канча жолу жуу керек?
Kaiser Permanente фирмасынын дерматолог-адиси Паради Мирмирани бул суроого жооп берип жатып, бардык адамдар үчүн бирдей чечим жок экенин айтат. Бирок бардыгына эч кандай өзгөчө кайрылуусуз тиешелүү бир чындык бар.
Эч ким чачын күн сайын жуубашы керек.
Бостон медициналык борборунун чач клиникасынын директору Линн Голдбергтин айтымында, башты өтө тез-тез жуу пайдадан көрө көбүрөөк зыян алып келиши мүмкүн. Бул парадоксалдуу көрүнгөнү мененчачын тез-тез жууганга аракет кылган адамдар май бездери көбүрөөк май бөлүп чыгара баштаганына туш болушат. Организм мындай орой кийлигишүүнү каалабайт жана жоготуулардын ордун толтурууга умтулат.
Жогоруда берилген суроого туура жооп берүү үчүн эске алуу зарыл болгон үч фактор:
Теринин түрү. Эгер териңиз менен чачыңыз нормалдуу түргө кирсе (өтө майлуу да, өтө кургак да эмес), анда башты жумасына бир же эки жолу жуу керек болушу мүмкүн. Эгерде сизде майлуу тери түрү болсо, анда муну бир аз тез-тез жасап туруу керек.
Чачтын текстурасы. Бул фактор тери майынын тамырлардан бүт бойдон канчалык тез таралышына таасир этет. Катуу же тармал чачтар бул процессти жайлатат, ошондуктан алардын ээлерине жумасына бир эле жолу жуу жетиштүү болушу мүмкүн. Башка жагынан алганда, ичке түз чачтуу адамдар баштарын жумасына эки жолу же андан да көп жууга мажбур болушат.
Стиль. Эске алууга тийиш болгон дагы бир нерсе — бул сиздин чач жасалгаңыз. Кыска жана узун чач жасалгалары, ошондой эле боелгон чачтар үчүн ар кандай сунуштар бар.
Көпчүлүк адамдар үчүн эң жакшы жооп — башты болжол менен ар үч күндө бир жолу жуу керек.
Күн сайын жууп көнүп калгандар үчүн мындай сунуш өтө радикалдуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок жаңы график боюнча жок дегенде бир нече жума бою жүрсөңүз, май бездеринин иштеши калыбына келип, алар бир топ аз май бөлүп чыгара баштаарын көрөсүз. Натыйжада чачыңыз күн сайын жууган учурдагыдай эле кооз, дени сак жана таза көрүнөт.