Жашоодон кубанычтын жоголушу, бактысыздык, себепсиз эле алсыроо жана күч-кубаттын түгөнүшү депрессия сыяктуу абалдарга кабылуу коркунучун алдын ала сездириши мүмкүн. Адамдын жашоо сапатын төмөндөтүп, өмүрдөн күткөн үмүттөрүн четке кагууга мажбурлаган бул оорудан күнүмдүк турмушта жасалган аракеттердин аркасында кутулууга болот.
Депрессиядан кутулуу үчүн эмне кылуу керек?
Бул дарылоого боло турган психикалык оору. Көптөгөн оорулуулар коомдо бул ооруга карата калыптанып калган стереотиптерден улам дарылануудан баш тартышат. Бирок депрессия башка оорулар сыяктуу эле медициналык оору болуп саналат. Депрессияны дарылоо анын оордук даражасына жараша аныкталат. Оору жеңил жана жаңы башталган учурда дарылоо планы адистин көзөмөлү астында түзүлөт. Ал эми орточо жана оор депрессия учурларында башка чаралар көрүлөт. Мындан тышкары, дарылоо ийгиликтүү болушу үчүн ага убакыт берүү абдан маанилүү. Медикаменттик дарылоо жана психотерапия ыкмалары адатта оң натыйжаларын көрсөтүү үчүн убакытты талап кылат. Көз менен көрүнгөн жакшыруу адатта бир нече жума өткөндөн кийин гана байкалат. Ошондой эле дарылоо ийгиликтүү өтүшү жана оорунун кайталанышын алдын алуу үчүн өз алдынча көрүлүүчү чаралар төмөнкүлөрдөн турат:
- Биринчи кезекте, ооруңузду кабыл алып, аракет кылыңыз.
- Досторуңуз жана үй-бүлөңүз менен натыйжалуу баарлашыңыз.
- Уйку режимин жөнгө салыңыз. Эрте жатып, эрте турууга аракет кылыңыз.
- Үмүтсүздүккө алдырбаңыз жана өзүңүзгө туюкталбаңыз.
- Дарылоочу дарыгериңиз же психотерапевтиңиз менен ачык-айкын сүйлөшүңүз.
- Зарыл мөөнөт бүтө электе дарыланууну токтотпоңуз.
- Эмоцияларыңызды так чагылдырыңыз.
- Психотерапевт-дарыгериңиздин сунуштарын кулакка түйүп, аларды аткарыңыз.
- Кичинекей, жетүүгө оңой максаттарды тандаңыз.
- Ойгонгондон кийин төшөктөн тез турууга аракет кылыңыз.
- Денеңизди дайыма активдүү абалда кармаңыз.
- Апталык план түзүңүз.
- Коомдук жардам долбоорлоруна жигердүү катышууга аракет кылыңыз.
- Алкоголь жана баңгизаттарды колдонбоңуз.
- Сабырдуулук көрсөтүңүз.