Пайдалуу кеңеш: Дарыгер күзүндө күчөй турган ооруларды атады
Күздө күн чыккан убакыттын кыскарышы, аба ырайынын суукташы жана өзгөрүшү менен адамдарда жүрөк, кан тамыр жана ашказан-ичеги трактынын өнөкөт оорулары күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Пирогов университетинин поликлиникалык терапия кафедрасынын ассистенти Александр Врублевский билдирди.
Адистин айтымында, күн нурунун азайышы D витамининин иштелип чыгуусун азайтып, нерв системасынын ишиндеги өзгөрүүлөр менен коштолушу мүмкүн. Натыйжада айрым адамдарда ашыкча уйкучулук, алсыздануу жана көңүл буруунун начарлашы байкалат.
«Күндүн кыскарышы жана бүркөк аба ырайынан улам адамдар күндүн астында аз убакыт өткөрүшөт. Организмде D витамининин иштелип чыгышы төмөндөп, иммунитеттин каршылык көрсөтүүсү начарлайт», — деп түшүндүрдү Врублевский.
Ошондой эле дарыгер муздак шамал туруктуу стенокардиянын кармашын козгошу мүмкүн экенин белгиледи. Борбордук жылытуунун иштеши кошумча жагымсыз фактор болуп саналат, анткени андан имарат ичиндеги аба кургап, дем алуу жолдорунун былжыр челин дүүлүктүрүшү мүмкүн.
Андан сырткары, Врублевскийдин айтымында, күздө ашказан жарасы жана өнөкөт гастрит күчөшү мүмкүн. Мезгилдик өзгөрүүлөр адамдардын психоэмоционалдык абалына, өзгөчө бул тармакта өнөкөт бузулуулары бар адамдарга таасирин тийгизиши мүмкүн.