Пайдалуу кеңеш: Ашкабак уругунун ден соолукка пайдасы эмнеде?
Ашкабак уругу адамдын организми үчүн анча билинбеген пайдалуу касиеттерге ээ. Диетология тармагындагы адистер Лиза Эндрюс, Эми Кэмпбелл жана Патрисия Колесонун бул пикирин Eating Well басылмасы жарыялашкан.
Эндрюс белгилегендей, салмагы 30 грамм болгон стандарттуу өлчөмдө 150 миллиграммдан ашык магний бар, бул суткалык ченемдин 37 пайызын камтыйт. Бул микроэлемент кан тамырлардын эс алып, кеңейүүсүнө өбөлгө түзүп, кан басымын төмөндөтөт.
Жүрөк-кан тамыр системасына ушундай эле оң таасирин аргинин да тийгизет — бул затты организм азот оксидине айлантат.
«Азот оксидин кан тамырларга кеңейүүнү буюрган сигнал катары кабыл алыңыз», — деп түшүндүрдү Кэмпбелл.
Адис ошондой эле ашкабак уругу калийге бай экенин кошумчалады. Калий бөйрөккө натрийди заара аркылуу чыгарууга жардам берип, кан тамырлардын дубалдарындагы чыңалууну басат. Өз кезегинде диетолог Колесо бул азык каныкпаган майлардын эң сонун булагы болуп саналарына көңүл бурдү.
Анын айтымында, каныкпаган майларга бай рацион систолалык жана диастолалык кан басымынын көрсөткүчтөрүнө оң таасир тийгизери илимий жактан далилденген.
«Каныкпаган майлар «жаман» холестериндин деңгээлин төмөндөтүүгө жөндөмдүү. Бул кан басымын жогорулатуучу артерия дубалдарындагы тактардын пайда болушун азайтышы мүмкүн», — деп жыйынтыктады адис.